Израиль: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
+ links
1-сап:
[[Файл:Israel Map by The Legal Status of The Territories-4.svg|thumb|Асрайыл.]]
[[Файл:Flag of Israel.svg|thumb]]
'''Асрайыл''' ('''Израиль''') — Асрайыл Мамлекети (Мединат Исраэль) Жакынкы Чыгыштагы мамлекет; Азиянын батыш бөлүгүндө, [[Жер ортолук деңиз|Жер Ортолук деңиздин]] түштүк-чыгыш жээгинде жайгашкан. Түндүгүнөн [[Ливан]], түндүк-чыгышынан [[Сирия]], чыгышынан [[Иордания]] (чек арасынын бир бөлүгү [[Жансыз деңиз|Жансыз деңиздин]] акваториясы аркылуу өтөт), түштүк-батышынан [[Мысыр]] менен чектешет. [[Бириккен Улуттар Уюму|БУУнун]] Башкы Ассамблеясынын 1947-жылдын 29ноябрдагы [[Палестина|Палестинаны]] бөлүү жөнүндөгү чечими боюнча бөлүнгөн аянты 14 миң км<sup>2</sup>; ал эми 1948-49-жылдардагы арап-асрайыл согушунда басып алган жерлерди кошкондо 20,7 миң км<sup>2</sup>; 1967-ж. басып алган жерлер ([[Иордан дарыя|Иордан дарыясынын]] батыш жээги, Чыгыш Кудус (Иерусалим), Сирия Голан дөңсөөсү) менен 21,6 миң км<sup>2</sup> ([[Тивериад көлү|Тивериад көлүнүн]] акваториясын жана Жансыз деңиздин акваториясынын бир бөлүгүн кошкондо 22,1 миң км<sup>2</sup>). Калкы 7,1 млн (2007). Өлкөнүн башкы экономикалык жана маданий борбору [[Тель-Авив]] шаары. БУУнун каршылыгына карабастан, 1950-ж. Кудус(Иерусалим) шаары өлкөнүн борбору деп жарыяланган. Өкмөт мекемелери, парламент шаардын батыш бөлүгүнө жайгаштырылган (калкы 400 миңден ашык, анын 250 миңдейи еврейлер, 160 миңи арабдар. Ырасмий тили жөөт (иврит)(байыркы еврей) жана арап тилдери. Акча бирдиги шекел. Административдик аймактык жактан шарттуу 15 райондон турган 9 окрукга (мехоз; анын курамына Асрайыл басып алган жерлер Иордан дарыясынын Батыш жээгинин бир бөлүгү жана Сириянын Голан дөңсөөсү да камтылган) бөлүнөт.
 
Округдары жана райондору (2006):
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Израиль" булагынан алынды