Менам-Чао-Прая: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ map
м + link
1-сап:
[[Файл:Chaophrayarivermap.png|thumb|[[Менам ойдуңу|Менам-Чао-Прая ойдуңу]].]]
'''Менам-Чао-Прая''', Менам – [[Индикытай]] жарым аралындагы [[дарыя]], [[Тайланд|Тайланддагы]] дарыялардын эң чоңу. узундугу 1200 кмдей (негизги куймасы – Пинг дарыясынын башатынан 1500 км), алабынын аянты 150 миң км<sup>2</sup>дей. Өлкөнүн түндүгүндөгү тоолордон башталып, Менам ойдуңу аркылуу агып, түштүк Кытай деңизинин Сиам булуңуна куярда дельтаны пайда кылат. Жамгырдан куралат, режими муссондук. Жайында суусу мол, орточо чыгымы төмөнкү агымында 2700 м<sup>3</sup>/секдай. Негизинен шалы талаалары сугарылат. Чатынан 400 кмге (Пинг дарыясынын чатына чейин), суу кирген маалда 750 кмге (Уттарадит шаарына дейре) кеме жүрөт. Сал агызылат. Дельтасында [[Бангкок]] шаары жайгашкан.