Месопотамия ойдуңу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
+ links
1-сап:
'''Месопотамия ойдуңу''', Кош өзөн ортосу негизинен [[Ирак|Ирактын]], ошондой эле [[Иран]], [[Сирия]] жана [[Кувейт|Кувейттин]] аймагында. Тоо этегиндеги ийилүүдөн, [[Тигр]], [[Евфрат дарыясы|Евфрат]] жана Карун дарыясынын өрөөнүнөн орун алган. Перс булуңу менен чулганат. Көлү көп; шор баскан жерлер да кездешет. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 100 мден чет-жакаларында 200 мге чейин. Түндүгүндө субтропиктик, түштүгүнө тропиктик, чөл климаты мүнөздүү. Январдын орточо температурасы Басрада 11°С, августта 34°С, жайында айрым күндөрү 50°Сге чейин ысыйт; жылдык жаан-чачыны 100–200 мм. Өрөөн аркылуу аккан Тигр жана Евфрат дарыясы жазында кирип, жайында тартылат; сугатта жана кеме жүрүүдө мааниси зор. Субтропиктик жана тропиктик чөл өсүмдүктөрү, дарыя өрөөндөрүндө галерея токою өсөт; оазистер бар. Сугат дыйканчылыгы (буудай, шалы, гозо, курма пальмасы), көчмөн мал чарбачылыгы өнүккөн. [[Нефть]] (Киркук, Румайла ж. б.) кени бар. Ири шаарлары: [[Багдад]], [[Басра]] (Ирак), Абадан (Иран). Месопотамия ойдуңу цивилизациянын байыркы очокторунан ([[Вавилония]], [[Ассирия]] ж. б. кирген).
 
[[Категория: География]]
== Дагы караңыз ==
* [[Месопотамия]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
 
[[Категория: ГеографияИрак]]
[[Категория:Иран]]
[[Категория:Сирия]]
[[Категория:Кувейт]]