Месопотамия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
+ N-Mesopotamia and Syria english.svg
 
1-сап:
[[Файл:N-Mesopotamia and Syria english.svg|thumb|Месопотамия.]]
'''Месопотамия '''(грекче[[Грек тили|гр.]] мesos – ортосу, аралыгы, potamos – дарыя), Эки суу арасы – Батыш Азиядагы аймак, [[Тигр]], [[Евфрат дарыясы|Евфрат]] дарыясынын алабында. Месопотамия ойдуңу менен Жезире платосун камтыйт. Месопотамия Байыркы Чыгыш маданиятынын өөрчүгөн жери болгон. Ал жерде биздин заманга чейинки 4– 3-миң жылдыкта алгачкы таптык мамлекет орногон; 3-миң жылдыктын аягында Аккад, Ур ж. б. байыркы мамлекеттер өкүм сүргөн; 2-миң жылдыктын башында Месопотамиянын түштүк бөлүгүндө [[Вавилония]] пайда болгон. Биздин заманга чейинки 9-кылымдан биздин замандын 16-кылымына чейин Месопотамияга бир катар мамлекет ээлик кылып келген. 17-кылымдан 1918-жылга чейин Осмон империясынын курамында турган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Месопотамиянын басымдуу бөлүгү Ирактын, калганы [[Сирия]] менен [[Түркия|Түркиянын]] курамына кирген.
[[Категория: География]]
 
== Дагы караңыз ==
* [[Месопотамия ойдуңу]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
 
[[Категория: ГеографияАзия]]
[[Категория:Тарых]]