Ооганстан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
16-сап:
[[Файл:AlexCoinAfg.jpg|thumb|[[Александр Македонский]].]]
Азыркы Ооганстандын аймагында байыркы таш доорунан эле адамдар мекендегендигин көптөгөн археологиялык казуулар ырастайт. Биздин заманга чейинки 1миң жылдыктын 1-жарымында чөлкөмдө ирригациялык курулмалардын курулушу менен ири оазистер пайда болот. Ошол мезгилде Ооганстандын аймагында [[Бактрия]] сыяктуу алгачкы мамлекеттер түзүлгөн. Биздин заманга чейинки 6-кылымдын 30-жылдарында Ооганстандын аймагы Ахеменилер мамлекетинин (Персия) курамына, биздин заманга чейинки 330-329-жылы Ооганстанды [[Александр Македонский]] басып алган, кийин Селевкилердин ээликтеринин курамына кирген. [[Грек-Бактрия падышалыгы|Грек Бактрия]] (биздин заманга чейинки 250-130-жыл), Кушан (биздин замандын 1-4-кылым) падышачылыктарынын доорунда аймакта шаарлар, кол өнөрчүлүк, маданият, искусство гүлдөп өскөн. 4-кылымда Ооганстандын аймагын Сасанилер, 5-6-кылымда эфталиттер басып алган. 6-кылымдын 60-жылдары эфталиттердин уруулук бирикмелери түрктөр жана сасанилер тарабынан сокку алган соң, Ооганстандын аймагы майда ээликтерге бөлүнүп, Түрк кагандыгына жана Сасанилерге көз каранды болуп калган. 7-8-кылымда чөлкөмдү арабдар басып алып, ислам дини тарай баштаган. 9-10-кылымда аймакта чарбанын, маданияттын, искусствонун өсүшү байкалат. Ооганстан аймагын 13-кылымда монголдор, 16-17-кылымда Улуу Моголдор, 18-кылымда Надир-шах каратып алган. Надир-шах өлгөндөн кийин, 1747-1818-жылы эмир [[Ахмад-шах Дурранби|Ахмад шах]] башында турган алгачкы көз каранды эмес Ооган мамлекети - Дуррани державасы түзүлгөн. 19-кылымдын орто ченинен Россия жана Улуу Британия Ооганстан үчүн өз ара каршылашып турушкан.
 
{{main|Англия-Афган согуштары}}
 
1907-жылы бул эки мамлекеттин ортосунда Ооганстан аймагынын бүтүндүгүн таануу жөнүндөгү келишимге кол коюлган. 1919-29-жылы [[Аманулла-хан|Аманулла хандын]] өкмөтү өлкөдө социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзгөн. 1923-жылы конституциялык монархия орнотулган. 1929-жылы бийликке Мухаммад Надир келип, ал Надиршах атын алып, өзүн король деп жарыялаган. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Ооганстан бейтараптык позициясында турган. 1973-жылы мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында монархия кулатылып, Ооганстан республика деп жарыяланган. Мамлекеттин жана өкмөт башчылыгына Мухаммед Дауд шайланат. 1978-жылы апрелде кайрадан мамлекеттик төңкөрүш болуп, бийликке Революциялык совет келген жана Ооганстан Демократиялык Республикасы деп жарыяланган. Өлкөдө граждандык согуш башталган. Ооганстан өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча колдоо көрсөтүп, 1979-жылы Ооганстанга советтик аскерлер киргизилген. X. Аминдин режими кулатылып, анын ордуна Бабрак Кармаль дайындалган. Кармалдын 80-жылдардын 1-жарымында Ооганстанда «советтик үлгүдөгү социализмди» куруу аракети ийгиликсиз аяктаган. Өлкөнүн ичиндеги өз ара чыр-чатактар токтогон эмес. 1987-жылы Ооганстандын жаңы Конституциясы кабыл алынып, А. Наджибулла президент болуп шайланган. 1989-жылы советтик аскерлер Ооганстандан чыгарылды, бирок ар кандай уруулук топтордун ортосундагы күрөш улантыла берген. Миллиондогон оогандыктар Пакистан, Иран жана башка мамлекеттерге качышкан.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ооганстан" булагынан алынды