Минск: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
60-сап:
|сайтынын тили = ru
}}
'''Минск''' – [[Беларусия|Беларуссия]] Республикасынын борбору (1919-жылдан). Баатыр-шаар. Минск областынын административдик борбору. Минск дөңсөөсүнүн түштүк-чыгышында, Свислочь дарыясынын (Днепр дарыясынын алабы) боюнда жайгашкан. Калкы 1,8 млн (2011). Жолдор тоому. темир жол түйүнү. Метрополитен (1984-жылдан) иштейт.

1067-жылдан Меньск деген ат менен белгилүү. Минск 12-кылымда Минск княздыгынын борбору болгон. 14-кылымдан Улуу Литва княздыгынын, 1793-жылдан Россия империясынын курамына кирген. БССР түзүлгөндөн (1919, 1-январь) Минск – республикасынын, 1991-жылдан көз карандысыз Беларуссия Республикасынын борбору. Машина куруу, металл иштетүү («БелавтоМАЗ», «МТЗ» трактор заводу, станок жана автоматика линиялары, подшипник, приборлор, сааттар, ЭВМ, телевизор, радиокабылдагычтар, тиричилик муздаткычтары), жеңил, тамак-аш–татымал, химиялык-фармацевтика, химиялык жана курулуш материалдар өнөр жай ишканалары, полиграфиялык комбинаты иштейт. Дүйнөлүк стандарттагы эмеректер даярдалат. Минск – Беларуссиянын маданий жана илимий очогу. Беларуссия Илимдер академиясынын, 13 жогорку окуу жай (анын ичинде университет), консерватория, 12 музей (анын ичинде Улуу Ата Мекендин согуш тарыхы, байыркы беларус искусствосу ж. б.), 7 театр (анын ичинде опера жана балет), филармония бар. Минск шаарына 1920–30-жылы реконструкция жүргүзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согушта шаардын 80%и кыйроого учураган. 1950-жылы толугу менен калыбына келтирилген. Барокко стилиндеги монастрь (17-кылым), Петропавловск (Екатеринбург) чиркөөсү (1622) сакталган. Минскден батышта Европадагы эң ири корук Беловежа чер токою (мурда падышалар аңчылык кылышса, учурда улуттук парк) жайгашкан. Анда мамлекет тарабынан коргоого алынган жаныбарлар (анын ичинде зубрлар) асыралат. Туризм өнүккөн.
[[Категория: Шаарлар]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
 
{{Европа өлкөлөрүнүн борборлору}}
 
[[Категория: Шаарлар]]
[[Категория:Беларусь]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Минск" булагынан алынды