Нигер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Niger (orthographic projection).svg + Flag of Niger.svg
copy from Нигер Республикасы + links + Niamey SPOT 1101.jpg
2-сап:
[[Файл:Niger (orthographic projection).svg|thumb|Нигер.]]
[[Файл:Flag of Niger.svg|thumb]]
'''Нигер''', Нигер Республикасы – [[Батыш Африка|Батыш Африкадагы]] мамлекет. Түндүгүнөн Алжир, Ливия, чыгышынан Чад, түштүгүнөн Нигерия, түштүк-батышынан Бенин жана Буркино-Фасо, батышынан Мали менен чектешет. Аянты 1267 миң км<sup>2</sup>. Калкы 15,9 миллион (2010). Борбору – [[Ниамей]]. Административдик-аймактык жактан 8 облуска бөлүнөт. Акча бирдиги – КФА франкы. Нигер – БУУнун (1960), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1996), ЭВФтин (1963), Африка биримдиги уюмунун (1963) жана башка мүчөсү.
'''Нигер''' - [[Африка]]дагы бир [[мамлекет]].
 
==Мамлекеттик түзүлүшү==
Нигер – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Улуттук Ассамблея). Аткаруу бийлигин премьер-министр баштаган өкмөт ишке ашырат. Нигерде көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги партиялары: Демократия жана социализм үчүн Нигер партиясы, Коомдук өнүгүү үчүн улуттук партиясы, Африка федерациясы үчүн Нигер демократиялык кыймылы, Демократия жана прогресс үчүн Нигер альянсы жана башка.
 
==Табияты==
Өлкөнүн дээрлик 80%ин Сахара чөлү, калган бөлүгүн Сахель жарым чөлү ээлейт. Рельефинде деңиз деңгээлинен200–500 м чейинки бийиктикке түздүктөр үстөмдүк кылат. Түндүк-батышында түштүктөн түндүктү карай 400 кмге, батыштан чыгышка 250 кмге созулган Аир массиви (түрдүү бийиктиктеги бөксө тоолор системасы) орун алган. Бул бөксө тоолор батышты көздөй ийилип, вадилер менен тилмеленген. Аирдин чыгыш бөлүгү Тенере чөлүнө (400 миң км<sup>2</sup>) жалгашат. Анын түндүгүндө (Аир жана Жадо бөксө тоолорунун ортосунда) жылып жүрүүчү кумдуу дюналар орун алса, борбордук бөлүгүндө жар менен тилмеленген көптөгөн оазистер кездешет. Аирдин батышында Талак түздүгү, өлкөнүн түндүк-чыгышында кумдуу келген Жадо жана Мангени, андан чыгышыраак (Чад менен болгон чек арада) Афафи жанаЧигаи бөксө тоолору бар. Эң бийик жери – Идукальн-Тагес чокусу (бийиктиги 2022 м). Нигер Африка платформасында орун алгандыктан, кембрийге чейинки кристаллдык тектер кездешет. Кен байлыктары: уран, калай, вольфрам, ниобий, темир, тантал, молибден, алтын, марганец, кайнатма туз жана башка Климаты түндүгүндө чөлдүү тропиктик (жаан-чачыны 100 ммден аз), түштүктө субэкватордук (800 мм). Эң суук айы январдын орточо температурасы 20–24˚С, жылуу май айыныкы 32–34˚С. Жылдык жаан-чачыны 100–800 мм. Ири дарыялары: Нигер жана анын ири куймалары (Горуоль, Дарголь, Сирба, Горуби, Тапоа, Алибори, Сота, Мекру). Көлү – Чад. Топурагы күрсүз кызыл-күрөң. Чөлдөшкөн саванна, жарым чөл жаначөл өсүмдүктөрү, бадал, баобаб, пальма, манго, папайи жана башка өсөт. Жаныбарлары: [[арстан]], пил, жаныш, [[жираф]], чөө, [[түлкү]], [[Төө куштар|төө куш]], [[бүркүт]] жана башка Дубль-Ве улуттук паркы уюштурулган.
 
==Калкы==
[[Файл:Niamey SPOT 1101.jpg|thumb|[[Ниамей]].]]
Көпчүлүгү бөлүгүн хауса (55,4%) түзөт, ошондой эле дьерма, сонгои, фульбе, таурегилер, арабдар, француздар да бар. Расмий тили – француз тили. Калкынын 80%и мусулмандар (сүннөттөр), калгандары салт болуп калган жергиликтүү динди тутат. Христиан динин туткандар да кездешет. Орточо жыштыгы 1 км2ге 11 киши (2008). Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 кишиге 54,8), өлүм-житим төмөн (1000ге 20,8). Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 52 жаш, аялдарыныкы – 54. Шаар калкы 16% (2008). Ири шаарлары: [[Ниамей]], Зиндер, Маради жана башка.
 
==Тарыхы==
Нигер аймагында адамдар байыртан эле жашап келгендигин Чад көлүнүн Түндүк-Батыш тарабынан табылган неолит мезгилине таандык археологиялык маалыматтар далилдейт. 10-кылымдан– 19-кылымга чейин Нигердин чыгыш бөлүгү Кенел-Борну королдугунун, Түштүкаймагы Хауса мамлекетинин курамында болгон. Европалыктар келгенге чейин Нигерде кул ээлик жанаалгачкы жамааттык коомдук мамилелердин калдыгы менен чырмалышкан феодалдык коомдук мамиле өкүм сүргөн. Нигерге 1795-жылы алгач шотландиялыктар келген. 19-кылымдын аягында Нигерди Франция басып алып, 1922-жылы Француз Батыш Африка курамындагы Жогорку Сенегал-Нигер колониясына кошкон. Нигер элинин колониялык эзүүгө каршы күрөшүнүн натыйжасында, 1958-жылы өткөн референдум боюнча Н. француз коомчулугуна кирип, «автономиялуу республика» болуп жарыяланган. Улуттук боштондук кыймылдын күчөшүнөн улам Франция 1960-жылы 3-августта Нигердин көз карандысыздыгын таанууга аргасыз болгон. Өлкөнүн президенттигине Амани Диори (1960–70) шайланган. 1974-жылы Нигерде аскер төңкөрүшү болуп, бийликке Сейни Кунче башында турган Жогорку аскер кеңеши келген. 1989-жылы жаңы конституция боюнча өлкө жарандык башкарууга өткөн, бирок бир партиялуу система сакталып калган. Президенттикке Али Сейбу шайланган. 1990-жылы көп партиялуу саясий система киргизилген. 1999-жылдан өлкө демократиялык өнүгүү жолуна түшкөн. 2010-жылы жетинчи республика жарыяланып, жаңы конституция кабыл алынган. 2011-жылдан өлкө президенти – Махаммад Иссуфу. 1960-жылдан Нигер БУУнун мүчөсү.
 
==Экономикасы==
Нигер – дүйнөдөгү жакыр өлкөлөрдүн бири. Экономикасынын өнүгүшү чет өлкөлүк финансылык жардамга көз каранды. ИДПнин көлөмү 10,5 млрд долларды (2009, АКШ) түзгөн. Аны киши башына бөлүштүргөндө 700 доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 44, өнөр жайлыкдыкы 17, айыл чарбаныкы 39 (2004). Айыл -чарбасында эмгекке жарамдуу калктын 90%и иштейт. Уран (дүйнөдө 5-орунда), касситерит, ниобий, таш көмүр, фосфорит жана башка казылып алынат. 2007-жылы 150 миллион кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Жер жаңгакты иргөөчү жана май сыгуучу цехтер, курулуш материалдары, тамак-аш (анын ичинен пиво кайнатуу өнүккөн), күндөлүк керектелүүчү товарларды чыгаруучу ишканалар иштейт. Экспорттук айыл чарба продуктулары – пахта, жер жаңгак, мал эти жана башка Негизги азыктары – таруу, ак жүгөрү. Ошондой эле маниок, батат, күрүч, пияз, жашылча-жемиш, бал камыш, тропик жемиштери өстүрүлөт. Малы жайытта багылат. Бодо мал, төө, жылкы, эчки, кой асыралып, үй куштары багылат. Нигер д-нда, Чад көлүндө балык кармалат. Автомобиль жолунун уз. 18,6 миң км (2006; анын ичинен асфальтталганы 3,8), т. ж. жок. Сыртка уран концентраттарын, пахта, тирүү мал, эт, булгаары, тери, жер жаңгак майы жана башка чыгарат. Негизги соода шериктери: Япония, Европа союзуна кирген мамлекеттер, Кытай, Алжир, Нигерия.
 
==Маданияты==
Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Окутуу француз тилинде жүргүзүлөт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 51%ти түзөт (2008). Ниамей шаарында Мамлекеттик университет, Сай шаарында Ислам университети, ошондой эле илимий мекемелери бар. «Сахель», «Тан дю Нижер» жана башка гезиттер чыгат. Радиоуктуруусу (1967-жылдан), теле көрсөтүүсү (1979-жылдан) иштейт. Шаарларда үйлөр банкодон курулат. Ниамей жана башка шаарлардын жаңы кварталдарында заманбап азыркы типтеги имараттар менен курулган. Чыгыш жана борбордук райондорунда банкодон курулган мечиттер бар. Айыл жерлеринде самандан жасалган алачык-хижиналар (түштүк-батыш райондордо), таштан курулуп, төбөсү чөп менен жабылган үйлөр көп. Түндүгүндөгү көчмөн уруулар тери менен жабылган чатырларда жашашат. Жаңы стилдеги театры 20-кылымдынортосунан өнүгө баштаган. Н-дин тунгуч драматургу Дандоби Махаман болгон. Анын «Эчкинин кылык жоругу» (1955) жана «Кабри Кабранын легендасы» (1956) деген пьесалары коюлган. 1964-жылдан жыл сайын жаштардын жумалыгы өткөрүлүп турат.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7
 
{{Африка бирлиги}}
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Нигер" булагынан алынды