Түндүк Муз океаны: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м + link
м + link
4-сап:
[[Евразия]] менен Түндүк Американын аралыгында жайгашкан. Аянты 14,75 млн км2. Орт. тереңдиги 1225 м, көлөмү 18,07 млн км3. Эң терең жери 5527 м (Гренландия деңизинде). Жээктери Евразиянын батышында бийик, фьорддуу, чыгышында дельта жана лагуналуу, Канадалык Арктика архипелагында негизинен жапыз, тегиз. Евразиянын жээктерин [[Норвег деңизи|Норвег]], [[Баренц деңизи|Баренц]], Ак, [[Карск деңизи|Kapa (Карск)]], [[Лаптевдер деңизи|Лаптевдер]], Чыгыш Сибирь жана [[Чукча деңизи|Чукча]] дениздери; Түндүк Американын жээктерин Гренландия, Бофорт, Баффин деңиздери, Гудзон булуңу, [[Канада-арктика архипелагы|Канадалык Арктика архипелагы]] менен кысыктары чулгап жатат. Жээк сызыгынын жалпы уз. 45 389 км. Түндүк Муз океан аралдарынын саны боюнча Тынч океандан кийинки 2-орунда. Аралдарынын жалпы аянты 4 млн км2. йри аралдары: Канадалык Арктика архипелагы, Гренландия, Шпицберген, Франд Иосиф Жери, Жаңы Жер, Түндүк Жер, Жаңы Сибирь, Врангель ж. б. Таманынын рельефи.
 
Физ.-геогр. өзгөчөлүктөрүнө карата Түндүк Муз океан 3 акваторияга бөлүнөт; [[Арктика]] алабы - океандын эң терең борбордук бөлүгү, Түндүк-Европа алабы: ([[Гренландия]], Норвег, Баренц жана Ак дениздери) жана материктИк тайыздыкта жайгашкан арктикалык деңиздер (Kapa, Лаптевдер, Чыгыш Сибирь, Чукча, Бофорт, Баффин). Тереңдиги 200-350 м болгон материктик тайыздык океандын аянтынын 45% ин ээлейт. [[Евразия]]нын жээктеринде анын жазылыгы 1300 мте жетет. Андан ары океандын таманы кескин тереңдеп, 2000-2800 м терендиктеги тепкичтерди пайда кылат; ал океандын эң терең бөлүгү - Арктика алабын курчап жатат. Арктика алабында суу астындагы Гаккель, Ломоносов, Менделеев ири кырка тоолору жана алардын аралыгында бир нече терен чуңкурдуктар ([[Нансен чуңкурдугу|Нансен]], 5449 м; Амундсен, 4321 м; Макаров, 3940 м ж. б.) бар. Гренландия менен Шпицберген а-нын аралыгындагы Фрам кысыгы Арктика алабын Түндүк Европа алабы менен байланыштырат. Түндүк Европа алабын түндүктөн түштүккө карай Исландия, Мон жана Книпович кырка тоолору кесип өтөт. Алар Арктика алабынын кырка тоолору менен бирдикте океан ортолук кырка тоолордун эн түндүк сегментин түзөт. Материктик тайыздыктарга терригендик өтө ар түрдүү чөкмө тектер, суу астындагы кырка тоолор менен терең ойдуңдарда кара күрөң жана күрөң чопо, ылайлуу тектер мүнөздүү. Чөкмө тектерде оор жана түстүү металлдардын (темир, калай, ильменит, алтын, аллюминий, уран ж. б.) кендери, материктик тайыздыктарда нефть жана газдын 50гө жакын кени табылган. [[Арктикалык климат|Климаты арктикалык]], ызгаардуу. Кыш айларында (январь - апрель) Арктика алабынын үстүндө жогорку басымдагы аймак (Арктика антициклону), жайында салыштырмалуу төмөнкү басымдагы аймак түзүлөт.
 
Бардык мезгилдерде Атлантикадан циклондор келип, океандын батышында туман, жаан-чачын, ылдамдыгы 15-20 м3/сект& жеткен шамал өкүм сүрүп турат. Кышы катаал, шамалдуу. Борбордук бөлүгүндө абанын температурасы -28°С... -30°С, Атлантика жак четинде -16°С...-18°С. Жайы суук. Бардык жеринде температура -10°С...-12°С, батышында 6°С-8°С болот. Жылдык жаан-чачыны 150-300 мм. Гидрологиялык режими. T. М. о-дын жанаша жаткан океандар менен суу жана жылуулук алмашуусунда анын суусунун тузсуздугунун мааниси зор. T. М. о-нын үстүнкү катмарынын суу алмашуусу жана муздарынын калкуу багыты 3 агымга байланыштуу: Чукча тумшугунан башталып, Шпицберген менен Гренландияга чейин Арктика алабын кесип өтүп, Атлантика океанына чыккан Трансарктика; Алясканын түндүгүндөгү Чыгыш антициклондук агым; Гренландиянын чыгыш жээги менен түштүктү карай багытталган Чыгыш Гренландия муздак агымы. Алардын орду Түндүк Атлантикадан (Норвег жана Ирмингер агымдары) жана Тынч океанынан (Беринг дениз агымы) келген жылуу (2-6°С) жана туздуулугу жогору (34,935,2%о) агымдар менен толукталып турат. Бул тузДУУлугу бир кыйла артыгыраак агым Арктика алабында 800 м тереңдикке чейин жыл бою салыштырмалуу жылуу (-0,4°С...-0,8°С ) суу катмарын пайда кылат. Суунун үстүнкү бетинин орт. температурасы кышында 1°С, жайында 5°Сга чейин.