Дания: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ map
links + Европа өлкөлөрү
1-сап:
[[Файл:Kingdom of Denmark on the globe (Faroer special) (Europe centered).svg|thumb|Дания.]]
[[Файл:Flag of Denmark.svg|thumb|Дания.]]
'''Дания (Danmark), Дания Королдугу''' (Kongeriget Danmark) – Түндүк Европадагы мамлекет. Ютландия жарым аралында, Дан архипелагында (ири аралдары: Зеландия, Фюн, Лолланн, Фальстер, Лангеланн, Мён), Ошондой эле Борнхольм аралында, Түндүк Фриз аралынын түндүк бөлүгүндө жайгашкан (анда бардыгы 407 арал бар, анын 99унда эл жашайт). Даниянын курамына [[Фарер аралдары]] жана [[Гренландия]] да кирет. Батышынан Түндүк деңиз, түштүк-чыгышынан Балтика деңизи менен чулганат, түндүгүнөн Скагеррак кысыгы аркылуу [[Норвегия|Норвегиядан]], түндүк-чыгышынан Каттегат жана Эресунн (Зунд) кысыктары аркылуу [[Швеция|Швециядан]] бөлүнөт; түштүгүндө [[Германия]] менен (68 км аралыкта) чектешет. Аянты 43,1 миң км2км<sup>2</sup> (Греландия менен Фарер аралын кошпогондо). Калкы 5,4 млн (2007). Борбору – [[Копенгаген]]. Расмий тили – дан тили. Акча бирдиги – дания кронасы. Дания административдик аймагы жактан 5 регионго бөлүнөт.
 
Дания БУУнун (1945), Европалык кеңештин (1949), Европа союзунун (1973), ЭВФтин (1946), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1946), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун (1973), НАТОнун мүчөсү.
17-сап:
== Чарбасы ==
Дания экономикасы туруктуу өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. ИДПнин көлөмү 188,1 млрд доллар; аны киши башына бөлүштүргөндө (24 600 доллар) дүйнөдө 7 Европа биримдигине (ЕБ) кирген өлкөлөрдүн ичинде 3-орунду ээлейт. ИДПнин 74,7%и тейлөө чөйрөсүнө, 22,4%и өнөр жайга жана курулушка, 2,9%и айыл, токой жана балык чарбаларына туура келет. Дания эл аралык экономика алакага активдүү катышат; ички рыногу чектелүү. Өнөр жайында илим сурамдуу атайын өндүрүштөрү (энергетикалык, фармацевтик, био- жана маалымат технологиясы жана башка) бар. Жогорку натыйжалуу айыл чаоба – өлкөнүн экономика секторунун жана экспортук негизги булактарынын бири. Дания – деңиз соода флотунун тоннажы боюнча дүйнөдө 12-орунду ээлеген балык уулоочу ири өлкө.
 
Данияга социалдык камсыздоонун Европадагы эң алдыңкы системасы мүнөздүү:социалдык чыгымдар ИДПнин 31,3%ин түзөт (жылына киши башына 8223 евро туура келет; 2003). Инновациялык багыт экологияга шайкеш өнүгөт.
 
Line 30 ⟶ 31:
 
Электроникада зымсыз телекоммуникация, аудио- жана көрмөтехника, акустика системасы, телефондор, аскер техникасынын жогорку технология компоненттерин – радар системасын, аскер самолёттору менен вертолётторунун радиоэлектрондук коргонуу системаларын, космостук жабдууларды, аскер техникасы жана космостук ракеталар үчүн электрондук компоненттерди даярдоонун мааниси зор.
 
Химия өнөр жай күкүрт к-тасын (дүйнөлүк өндүрүштүн 25% тейи), пластмасса, өсүмдүк коргоочу каражаттарды, лак, сыр, дары-дармек (инсулин, антибиотик, витамин) жана башка даярдайт. Жыгач иштетүү, эмерек, текстиль, тигүү, булгаары өнөр жайлары бар. Дания модалуу кийим чыгаруу боюнча Скандинавия өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы орунда. Тамак-аш өнөр жай өнүккөн: азык-түлүк өндүрүү боюнча Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинен 5–6-, киши башына бөлүштүргөндө 1-орунда. Дания чочко этин (дүйнөлүк экспорттун 17%), сүт, бекон, ветчина, сыр, жууган май жана башка продуцияларын экспорттоо боюнча алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Дания пивосу менен да белгилүү (80ден ашык ишканасы бар).
 
Ургаалдуу өнүккөн жана жогорку продукттуулуктагы айыл чарба – өлкөнүн экономикасынын негизги секторлорунун бири. Агрономия (негизинен мал чарбасы) өндүрүшүнүн продукциясынын көлөмү ички керектөөдөн үч эсе көп, анын 2/3 си сыртка сатылат. Айыл чарба өндүрүшүнүн негизин үй-бүлөлүк ферма түзөт. Фермалардын орточо аянты 58 га. Чакан фермалар (30 гага че йин) жалпы чарбанын 49%ин (айд. жердин 12%), ири фермалар (50 га дан ашык) 37%ин түзөт (иштетилген жердин 79%). Жалпы чарбалардын 60% мал чарбасы, 40% өсүмдүк өстүрүүчүлүк менен алектенет. Агрономия секторунда фермерлер түзгөн 300гө жакын кооператив, коом, биримдик, ишканалар жана ассоциациялар иштейт. Кооперативдер продукция сатуу жана сатып алуу, айыл чарба техникасын ремонттоо жана башка иштерди жасайт. Бардык чарбачылык иштер механикалаштырылган жана автоматташтырылган; минералдык жер семирткичтерди пайдалануу жылдан жылга азайып, экологиялык таза технологияны колдонуу кеңейүүдө.
 
Агроөнөр жай комплексинин экспорту 9,6 млрд долларды түзөт (анын ичинде чочко эти 4,65 млрд, сүт продукталары 1,8 млрд, баалуу тери 0,67 млрд доллар; 2005). Негизги соода шериктери: [[Германия]], [[Улуу Британия]], [[Япония]], [[Швеция]], ошондой эле Чыгыш Европа өлкөлөрү.
Айыл чарбасынын башкы тармагы – мал чарбасы (агр. продукция наркынын 65,5%и). Чочкочулук жана сүт багытындагы уй асыроо өнүккөн. 2005-ж. 13,5 млн чочко болгон; чочко этин даярдоо боюнча дүйнөдө 5-орунда (2 млн кг; анын 1,6 млн кгнан ашыгы экспортко чыгарылат); пайдаланылган жана экспортко чыгарылган чочко этин киши башына бөлүштүргөндө Европа да 1-орунда. 2005-ж. 17,5 млн тоок асыралган. Дания – суу суусарынын терисин даярдоо жана аны экспорттоо боюнча (дүйнөлүк өндүрүштүн 40%) дүйнөдө алдыңкы өлкөлөрдүн бири.
Line 68 ⟶ 71:
* Кыргызстан:О’ Делл Э. Скандинавия. М., 1962; Серебряный Л. Р. Физическая география и четвертичная геология Дании. М., 1967; Петренко И. М. Сельское хозяйство Дании. Краснодар, 2004; Коваленко В. П. Промыш ленное производство молока и свинины в Дании. Краснодар, 2005.
 
{{Европа өлкөлөрү}}
[[Категория:Дания| ]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Дания" булагынан алынды