"Азербайжан" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

(Чарбасы)
Белгилер: Мобилдик оңдоо Мобилдик версиясынан оңдоо
Ички дүң продукциясында өнөр жайынын үлүшү 38% , айыл жана балык чарбаларыныкы 13%, тейлөө чөйрөсүнүкү 49% (2003). 2003-ж. ички дүң продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 879,7 доллардан (АКШ) туура келген. Өнөр жайынын негизги тармагы нефть казып алуу жана иштетүү (өнөр жай продукциясынын 25%тен ашыгын берет). Нефть өнөр жайында башкы нефть казып алуучу компаниялар - Азербайжан мамлекеттик нефть компаниясы (ГНАКР) жана Эл аралык компания (АМОК). Негизинен Бакы шаарынын аймагынан, Каспий деңизинин жээгинен, деңиздин өзүнөн казып алынат. Кургактыкта 34, шельфте 17 кен иштетилет. 2003-ж. 15,4 млн о нефть казылып алынып, 9,1 млн осы экспорттолгон; 5,1 млрд м3 газ (ири кени Шах-Деңиз) өндүрүлгөн. Нефть Россиянын (мурдагы Бакы - Новороссийск нефть кууру реконструкцияланган) жана Грузиянын (Супса) аймагы аркылуу Түркияга (Жейхан) жеткирилмекчи. 2003-ж. 21,3 млрд кВт с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 88% жылуулук станцияларына (мазут, газ менен иштейт; ири станциялары: Мингечаур, Али-Байрамлы) жана 13% ГЭСке (Шамхор, Мингечаур - Кура дарыясында) туура келет. Нефть жана газдын базасында химиялык өнөр жайы өнүккөн (полиэтилен, пропилен, спирт, каустикалык сода, полиэфир ж. б. чыгарат). Машина куруу өнөр жайы нефтьгаз жана нефть-химиялык тармактары (стационардык жана калкыма бургу платформалары) үчүн жабдууларды даярдоого адистешкен. Электр-техникалык, прибор (чакан трансформаторлор, кабель продукциялары, муздаткыч) жана кеме куруу ишканалары иштейт; ири борборлору: Бакы, Сумгаит, Мингечаур, Гянжа. Кара металлургиянын негизги ишканалары: Азербайжан тоокен комбинаты (Дашкесан), Даш-Салах ишканасы (бентонит), Бакы болот куюу жана болот арматурасын чыгаруучу заводдор; түстүү металлургиянын негизги тармагы - алюминий өнөр жайы (Гянжадагы глинозём, Сумгаиттеги алюминий ж. б.). Жеңил өнөр жайынын негизги тармактары пахта тазалоо (Агдаш, Барда, Сабирабад, Али-Байрамалы ж. б.), накта жибек (Шеки, Ордубад, Ханкенди), кебез-кездеме, килем токуу (Шуша, Шемаха, Казах ж. б.). Тамак-аш өнөр жайынан ун, май-сыр жана консерва даярдоочу тармактарынан сырткары мөмө-жемишти кайра иштетүү (Баку, Шамкир, Гянжа, Ханлар, Акстафа), шарап жасоо, балык (мекре икрасы), ошондой эле чай (Ленкоран, Астара, Масалды) жана тамеки өндүрүштөрү (Евлах, Белоканы) өнүккөн. Өлкөнүн өнөр жай продукциясынын 80% ке жакыны Апшерон экономикалык районунда (Бакы, Сумгаитте) өндүрүлөт. Айыл чарба продуктусунун 97% и фермер жана жеке чарбаларда өндүрүлөт. Айыл чарбага жарактуу жери 4,8 млн га (өлкөнүн аймагынын 55% и), анын 1,8 млн гасы айдоо жер, 2,7 млн гадан ашыгы жайыт жана чабынды. Дан эгиндери (буудай, арпа, жүгөрү), айрым жерлеринде шалы жана техникалык өсүмдүктөр (пахта - Кура-Аракс өрөөнүндө, тамеки - негизинен өлкөнүн түндүгүнөн, чай - Каспий деңизинин жээгинде жана Ленкоран ойдуңунда; күнкарама ж.б.), жашылча-жемиш, картөшкө айдалат. Куба-Хачмас районунда Апшерон жарым аралы, Ленкоран жана КураАракс ойдуңдарында багбанчылык (алма, алмурут, айва, өрүк, алча, шабдаалы, фундук, жаңгак ж.б.), жашылчачылык, жүзүмчүлүк өнүккөн. Нахичеван Автономия Республикасы, Тоолуу Карабах тарыхыИ облусу субтропик өсүмдүктөрүн өстүрүүгө (анар, анжир, бадам, курма) адистештирилген. Тоолуу аИмактарында кой чарбасы, тоо этектеринде аары чарбасы, Кура-Аракс өрөөнүндө, Чоң Кавказда жибекчилик өнүккөн. 2004-ж. 2,2 млн уй, 17,5 млн үй кушу болгон. Буйвол, жылкы асыралат.
==Транспорт==
Транспорттун негизги түрү автомобиль транспорту. Автомобиль жолунун узундугу 23 миң км (асфальтталган), темир жолунуку 2,1 миң км (анын ичинде 1,3 миң км электрлештирилген; 2003). Негизги темир жол түйүндөрү: Бакы, Балажары, Алят, Гянжа, Нахичеван. Башкы порту - Бакы (жүктүн көбү Каспий деңизи аркылуу Түркмөнстан менен Иранга жөнөтүлөт), темир жол парому аркылуу Каспий деңизинин чыгыш жээги (Түркмөнбашы, Актау, Бекдаш) менен байланышат. [[Кура дарыясы|Кура дарыясында]] кеме жүрөт. Аба транспорту да жакшы өнүккөн. Эл аралык Бина (Бакудан 25 км) жана [[Нахичеван]] аэропорттору бар. Нефть куурунун узундугу 1415 км (Бакы-Батуми, Али - Байрамлы-Бакы), газ куурунуку 2896 км (Карадач - Сумгаит, Али-Байрамлы - Карадач). Курорттору: Истису, Нафталан, Апшерон курорттор тобу ж.б. Сыртка нефть жана нефть продукциясы, түстүү металл, пахта, азык-түлүк чыгарып, сырттан машина жана машина жабдууларын, өнөржай сырьёлорун ж.б. алат. Негизги сырткы соода шериктери: КМШ, Европа шериктеш өлкөлөрү, Түркия, Иран.
 
==Маданияты==
Азербайжанда алгачкы мектептер 5-кылымда пайда болгон. 7-кылымда араб мектептери, 10-11-кылымда медреселер түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Азербайжандын билим берүү системасы 1992-жылкы билим берүү мыйзамы (1994, 95, 97, 99-ж. редакцияланган) боюнча жүзөгө ашууда. Республикада 1777 мектепке чейинки мекемелер (бала бакча), 4554 жалпы билим берүүчү мектептер, 110 кесиптик техникалык окуу жайлар жана лицейлер, 68 кесиптик орто окуу жайлар, 405 мектептен тышкары мекемелер жана 57 (анын ичинде 32 мамлекеттик, 24 министрликке караштуу) ЖОЖ бар (2004). Азербайжанда билим берүү акысыз жана контракт жолу менен жүргүзүлөт. Бардык билим берүү тармактарына бирдей мамлекеттик стандарт кабыл алынган. Өлкөнүн ири ЖОЖнун өзөгүн Бакы мамлекеттик университети (1919-ж. негизделген), Азербайжан медициналык университети (1930) ж. б., Бакы, Сумгаит, Ленкоран, Гянжа, Нахичеван шаарындагы университеттер, 10 академия түзөт. Мамлекеттик эмес ЖОЖ: «Азербайжан», «Азия», «Хазар», «Тефеккюр», «Одлар», «Юрду» жана Азербайжан эл аралык унти ж. б. М. Ф. Ахундов атындагы мамлекеттик китепкана (1923), АИАга борбордук китепканасы, АИА караштуу тарых, Р. Мустафаев атн. искусство жана Низами атындагы Азербайжан көркөм адабият музейлери бар.
25 681

edits