Азербайжан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
67-сап:
Азыркы Азербайжандын аймагында алгачкы адамдар палеолит доорунда жашашкан. Биздин заманга чейин 9-кылымда пайда болгон Ман мамлекетинде чарба жана маданияты бир кыйла дурус өнүгүп, узак убакыттарга дейре Ассириянын, Урартунун кол салууларына туруштук берип келген. Биздин заманга чейин 7-кылымда түзүлгөн Мидия мамлекети падыша Киаксардын тушунда Байыркы Чыгыштагы зор империялардын бирине айланат да, Ман анын курамына кирип, негизги маданий борборго айланган. Биздин заманга чейин 6-кылымдын ортосунда Мидияны Персия басып алып, бийлик Ахеменилер династиясынын колуна өтөт. Жергиликтүү калк аларга каршы бир нече жолу көтөрүлүш чыгарат. Ахеменилерди Македонскийдин аскерлери талкалагандан кийин (б. з. ч. 4-кылымдын аягы), Азербайжанда мамлекеттүүлүк калыбына келтирилет. Бул мамлекеттик түзүлүш Атропатена деп аталып, борбору Газак шаары болгон. Анда дыйканчылык, мал чарбасы жана кол өнөрчүлүк жакшы өнүккөн. Кийинчерээк Азербайжандын аймагында жана Түштүк Дагстанда Албания мамлекети пайда болгон. 3-9-кылымда өлкөгө Иран жана Араб халифаты бийлик жүргүзүп, ислам дини киргизилген. Басып алуучуларга каршы жергиликтүү эл көтөрүлүшкөн (мисалы, Бабектин көтөрүлүшү). Элдик кыймылдар Араб халифатынын бийлигинин начарлашына алып келип, Азербайжандын аймагында 9-16-кылымда Ширваншахтардын, Кара-Коюнлу, Ак-Коюнлу аттуу мамлекеттери пайда болгон. Түрк урууларынын тарыхый узак мезгилдер бою (7-11-к.) Азербайжанга келип отурукташып, ал жердеги калк менен аралашуусунун натыйжасында байыркы жергиликтүү тилдер колдонуудан чыгат да, түрк тили (11-13-к.) элдин тили болуп калат. Мына ушул убактарда Азербайжан эли да түзүлгөн. 11-14-кылымда өлкөнү Тимур, монгол-татарлар, түрк-селжуктары басып алып, бүлгүнгө учураткан. Азербайжандын тарыхында 16-кылымдын башында түзүлгөн Сефевилер мамлекети маанилүү роль ойноду. Азербайжандын Сефевилер мамлекетине биригиши өлкөнүн чарбасынын жана маданий турмушунун өнүгүшүнө шарт түзгөн, элдин чет жердик басып алуучуларга каршы күрөшүнө мүмкүнчүлүк берет. Бирок буга карабастан, Азербайжан үчүн Иран жана Түркиянын согушу токтогон эмес. 18-кылымдын орто ченинде Азербайжандын аймагында Иранга көз каранды 15 феодалдык мамлекет болгон. 1813-28-ж. орус-иран согушунун натыйжасында Түндүк Азербайжан Россияга кошулган. Февраль революциясынын кийин Бакуда кош бийлик түзүлөт: коомдук уюмдардын Аткаруу комитети (Убактылуу өкмөттүн жерг. органы) жана жумушчу депутаттардын Совети (большевиктердин көзөмөлүндөгү). Убактылуу өкмөт кулатылгандан кийин жумушчу депутаттардын Баку Совети Азербайжанда Совет бийлигинин орнотулгандыгын жарыялаган. Мусаватчылардын куралдуу көтөрүлүшү басылган соң Баку эл комиссарлар Совети (Бакы коммунасы) түзүлгөн. 31. 7. 1918-ж. Бакуда бийлик Борбордук Каспий өкмөтүнө өтөт. Сентябрда түрк жана азербайжан аскер бөлүктөрүнөн турган Кавказ ислам армиясы Борбордук Каспий өкмөтүн кулатып, 28. 5. 1918-ж. түрктөрдүн колдоосуна таянган мусаватчылар борбору Гянжа болгон Азербайжан Демократиялык Республикасын (АДР) жарыялашат. 1920-ж. Париж (Версаль) конференциясында АДРдын көз каранды эместиги жөнүндө де-факто таанылат. Бирок Советтик Россия АДРдин легитимдүүлүгүн тааныгандан баш тарткан. 1920-ж. апрелде англис аскерлери Азербайжандан чыгарылгандан кийин Бакуга Кызыл Армия кирген жана Н. Нариманов жетектеген Азербайжан ССРи түзүлгөн. 13. 12. 1922-ж. Азербайжан, Грузия жана Армения Закавказье Советтик Федерация Социалисттик Республикасына бириккен жана 30. 12. 1922-ж. СССРдин курамына кирген. 1936-91-ж. Азербайжан союздук республика катары СССРдин курамында болгон. 1991-ж. августта Азербайжан көз каранды эмес республика катары жарыяланган. Ошол эле жылы А. А. Муталибов Азербайжандын президенти болуп шайланган. 1992-ж. оппозиция тарабынан ал бийликтен четтетилип, анын ордуна А. Эльчибей шайлоодо жеңишке жетишкен. 1991-жылдан Тоолуу Карабахтагы армян-азербайжан ортосундагы чыр-чатактардын күчөгөнүнө байланыштуу өлкөдө биртоп татаал кырдаал түзүлүп, Эльчибейдин саясаты өлкөнү саясий жана экономикалык кризиске алып келген. 1993-ж. июнь айында ал Бакыдан качып кеткен жана мунун натыйжасында президент бийликтен четтетилген. 1993-ж. Г. Алиев президенттикке шайланган. Анын тушунда саясий жана экон. кырдаал биртоп жакшырып, Россия, Түркия ж-а батыш өлкөлөрү менен байланыштар чыңдалган. 2003-жылдан анын уулу И. Алиев өлкөнүн президенти.
==Экономикасы==
Ички дүң продукциясында өнөр жайынын үлүшү 38% , айыл жана балык чарбаларыныкы 13%, тейлөө чөйрөсүнүкү 49% (2003). 2003-ж. ички дүң продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 879,7 доллардан (АКШ) туура келген. Өнөр жайынын негизги тармагы нефть казып алуу жана иштетүү (өнөр жай продукциясынын 25%тен ашыгын берет). Нефть өнөр жайында башкы нефть казып алуучу компаниялар - Азербайжан мамлекеттик нефть компаниясы (ГНАКР) жана Эл аралык компания (АМОК). Негизинен Бакы шаарынын аймагынан, Каспий деңизинин жээгинен, деңиздин өзүнөн казып алынат. Кургактыкта 34, шельфте 17 кен иштетилет. 2003-ж. 15,4 млн о нефть казылып алынып, 9,1 млн осы экспорттолгон; 5,1 млрд м3 газ (ири кени Шах-Деңиз) өндүрүлгөн. Нефть Россиянын (мурдагы Бакы - Новороссийск нефть кууру реконструкцияланган) жана Грузиянын (Супса) аймагы аркылуу Түркияга (Жейхан) жеткирилмекчи. 2003-ж. 21,3 млрд кВт с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 88% жылуулук станцияларына (мазут, газ менен иштейт; ири станциялары: Мингечаур, Али-Байрамлы) жана 13% ГЭСке (Шамхор, Мингечаур - Кура дарыясында) туура келет. Нефть жана газдын базасында химиялык өнөр жайы өнүккөн (полиэтилен, пропилен, спирт, каустикалык сода, полиэфир ж. б. чыгарат). Машина куруу өнөр жайы нефтьгаз жана нефть-химиялык тармактары (стационардык жана калкыма бургу платформалары) үчүн жабдууларды даярдоого адистешкен. Электр-техникалык, прибор (чакан трансформаторлор, кабель продукциялары, муздаткыч) жана кеме куруу ишканалары иштейт; ири борборлору: [[Бакы]], Сумгаит, Мингечаур, Гянжа. Кара металлургиянын негизги ишканалары: Азербайжан тоокен комбинаты (Дашкесан), Даш-Салах ишканасы (бентонит), Бакы болот куюу жана болот арматурасын чыгаруучу заводдор; түстүү металлургиянын негизги тармагы - алюминий өнөр жайы (Гянжадагы глинозём, Сумгаиттеги алюминий ж. б.). Жеңил өнөр жайынын негизги тармактары пахта тазалоо (Агдаш, Барда, Сабирабад, Али-Байрамалы ж. б.), накта жибек (Шеки, Ордубад, Ханкенди), кебез-кездеме, килем токуу (Шуша, Шемаха, Казах ж. б.). Тамак-аш өнөр жайынан ун, май-сыр жана консерва даярдоочу тармактарынан сырткары мөмө-жемишти кайра иштетүү (Баку, Шамкир, Гянжа, Ханлар, Акстафа), шарап жасоо, балык (мекре икрасы), ошондой эле чай (Ленкоран, Астара, Масалды) жана тамеки өндүрүштөрү (Евлах, Белоканы) өнүккөн. Өлкөнүн өнөр жай продукциясынын 80% ке жакыны Апшерон экономикалык районунда (Бакы, Сумгаитте) өндүрүлөт. Айыл чарба продуктусунун 97% и фермер жана жеке чарбаларда өндүрүлөт. Айыл чарбага жарактуу жери 4,8 млн га (өлкөнүн аймагынын 55% и), анын 1,8 млн гасы айдоо жер, 2,7 млн гадан ашыгы жайыт жана чабынды. Дан эгиндери (буудай, арпа, жүгөрү), айрым жерлеринде шалы жана техникалык өсүмдүктөр (пахта - Кура-Аракс өрөөнүндө, тамеки - негизинен өлкөнүн түндүгүнөн, чай - Каспий деңизинин жээгинде жана Ленкоран ойдуңунда; күнкарама ж.б.), жашылча-жемиш, картөшкө айдалат. Куба-Хачмас районунда Апшерон жарым аралы, Ленкоран жана КураАракс ойдуңдарында багбанчылык (алма, алмурут, айва, өрүк, алча, шабдаалы, фундук, жаңгак ж.б.), жашылчачылык, жүзүмчүлүк өнүккөн. [[Нахичеван автономия республикасы|Нахичеван Автономия Республикасы]], Тоолуу Карабах тарыхыИ облусу субтропик өсүмдүктөрүн өстүрүүгө (анар, анжир, бадам, курма) адистештирилген. Тоолуу аИмактарында кой чарбасы, тоо этектеринде аары чарбасы, Кура-Аракс өрөөнүндө, Чоң Кавказда жибекчилик өнүккөн. 2004-ж. 2,2 млн уй, 17,5 млн үй кушу болгон. Буйвол, жылкы асыралат.
 
==Транспорт==
Транспорттун негизги түрү автомобиль транспорту. Автомобиль жолунун узундугу 23 миң км (асфальтталган), темир жолунуку 2,1 миң км (анын ичинде 1,3 миң км электрлештирилген; 2003). Негизги темир жол түйүндөрү: Бакы, Балажары, Алят, Гянжа, Нахичеван. Башкы порту - Бакы (жүктүн көбү Каспий деңизи аркылуу Түркмөнстан менен Иранга жөнөтүлөт), темир жол парому аркылуу Каспий деңизинин чыгыш жээги (Түркмөнбашы, Актау, Бекдаш) менен байланышат. [[Кура дарыясы|Кура дарыясында]] кеме жүрөт. Аба транспорту да жакшы өнүккөн. Эл аралык Бина (Бакудан 25 км) жана [[Нахичеван]] аэропорттору бар. Нефть куурунун узундугу 1415 км (Бакы-Батуми, Али - Байрамлы-Бакы), газ куурунуку 2896 км (Карадач - Сумгаит, Али-Байрамлы - Карадач). Курорттору: Истису, Нафталан, Апшерон курорттор тобу ж.б. Сыртка нефть жана нефть продукциясы, түстүү металл, пахта, азык-түлүк чыгарып, сырттан машина жана машина жабдууларын, өнөржай сырьёлорун ж.б. алат. Негизги сырткы соода шериктери: КМШ, Европа шериктеш өлкөлөрү, Түркия, Иран.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Азербайжан" булагынан алынды