Карск деңизи: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ links
3-сап:
'''Карск деңизи''' (деңизге куйган Кара дарыянын атынан) - [[Түндүк Муз океан|Түндүк Муз океанындагы]] четки деңиз.
Батышынан Вайгач, [[Жаңы-Жер|Жаңы Жер]], Франц-Иосиф Жери аралдадары, чыгышынан Түндүк Жер аралдары жана [[Таймыр жарым аралы]] менен чектешет. Аянты 880 миң км2км<sup>2</sup>, орточо тереңдиги 127 м, эң терең жери 620 м. Суусунун көлөмү 112 миң км3км<sup>3</sup>. Түштүк-батыштан түндүк-чыгышка 1500 км аралыкта созулуп жатат. Туурасы (түндүк бөлүгүндө) 800 км ге чейин. Ири дарыялары - [[Енисей]], [[Обь]], [[Пясина]], Кара; булардын жылдык агымы 1300 км Аралдары көп (жалпы аянты 10000 км2км<sup>2</sup>), көпчүлүгү деңиздин түндүк-чыгыш бөлүгүндө.
[[Файл:No-nb bldsa 3f030.jpg|thumb|Карск деңизи (1913).]]
 
Карск деңизи негизинен материктик тайыздыкта жайгашкан, ошондуктан анын аянтынын 40%ке жакыны 50 м ден тайыз, 2%ке жакын аянтынын тереңдиги гана 500 м ден төмөн. Шельф түндүгүнөн эки кобул - Ыйык Анна (Франц-Иосиф Жери аралынын жээгин бойлой жайгашкан, тереңдиги 620 м ге чейин) жана Воронин (Түндүк Жер аралынын жээгин бойлой жайгашкан, тереңдиги 450 м ге чейин) менен бөлүнгөн. Кобулдардын ортосунан суу астындагы Борбордук Карск дөңсөөсү (тереңдиги 50 м чамасында) өтөт. Андан Ушаков, Визе аралдары чыгып жатат. Жаңы Жер аралынын чыгыш жээгин бойлой Жаңы Жер ойдуңу (тереңдиги 200 - 400 м) созулуп жатат.
[[Арктикалык климат|Климаты арктикалык]], январдын орточо температурасы -20°Сден -28°Сге чейин (минимуму -46°Сге жетет), июлдуку 6°Сге (максимуму 16°С) чейин. Шторм болуп турат. Климаттын ызгаардуулугу түштүк-батыштан түн,чыгышты карай күчөйт. Деңизди жылдын көпчүлүк учурунда муз каптап жатат. Жайында жээк муздар талкаланып, калкыма муздарды пайда кылат. Жайында суусунун орточо температурасы түштүгүндө 7°Сге чейин, түндүгүндө -0,5 -1,0°С. Туздуулугу түштүгүндө 8,0 - 10,0%оДен 18,0-22,0%0ге чейин өзгөрөт, түндүгүндө 33,0-33,5 %.