Дисахариддер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Sucrose-inkscape.svg + links
 
1-сап:
[[Файл:Sucrose-inkscape.svg|thumb|[[Сахароза]]: D-[[Глюкоза]] + D-[[Фруктоза]].]]
'''Дисахариддер''' (биозалар) – гликозиддик байланыш менен байланышкан 2 моносахариддин калдыгынан турган олигосахариддер. Д. к-талар жана ферменттер таасири астында моносахариддерге чейин гиролизденет. Көпчүлүк Д. курамына гексоза жана пентоза кирет. Д-ди пайда кылууда моносахариддеги жарым ацеталдык гидроксил тобу гликозиддик байланышты пайда кылууга катышат. Д. 2 топко бөлүнөт:
 
1. Калыбына келүүчү Д. ([[мальтоза]], [[лактоза]], целлобиоза). Гликозиддик байланышты пайда кылуучу моносахарид биринин жарым ацеталдык тобу, 2-мол-нын спирттик гироксил тобу реакцияга катышат. Булардын касиети моносахарид окшош таутомердик форманы пайда кылат. Окистенүү -калыбына келүү реакцияларына кирет.
 
2. Калыбына келбөөчү Д. (трегалоза, [[сахароза]]) эки моносахарид тең жарым ацеталдык топтору гликозиддик баланышты пайда кылууга катышат. Окистенүү -калыбына келүү реакцияларына кирбейт. Д. жаратылыш продуктуларынан алынат. Мис., сахароза-кызылчадан, лактоза- сүттөн ж.б. Көпчүлүк Д. полисахариддин, олигосахариддин толук эмес гидролиздөөдөн алынат, мис., крахмалды жана гликогенди ферменттик ыкма менен гидролиздөөдөн-мальтоза, целлюлозадан- целлобиоза ж.б. алынат. Сахароза, лактоза, мальтоза, тамак аш ө. ж-нда жана медицинада колдонулат.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[Химия: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
 
{{no iwiki}}
[[Категория: Химия]]