Ирандын ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастардагы тизмеси: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with " =Ирандын ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастардагы тизмеси= *فهرست آثار تاریخی ایران در یونسکو Ирандын 21..."
 
(Айырма жок)

25 май 2018, саат 16:25 учурдагы соңку нуска

Ирандын ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастардагы тизмеси түзөтүү

  • فهرست آثار تاریخی ایران در یونسکو

Ирандын 21 аймагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине катталган. Тизменин 20сы маданий мурастар ал эми бирөө табигый мурас болуп эсептелет. Эрге Бам маданий калаасы жок болуп кетүү коркунучунда турган маданий мурастардын катарын толуктайт, бирок 2013-жылдын 16-27- июнга чейин өткөн жыйынында ал бул тизмеден алынып салынган. Ирандагы Эрге Бам өткөн он жылдыктагы катуу жер титирөөдөн катту кыйраган жана ошол замандан тарта жок болуп кетүү коркунучунда турган мурастардын тизмесине катталган. Бирок, өткөн жылдардагы ал жерде жүргүзүлгөн оңдоо жана калыбына келтирүү иштеринин негизинде ЮНЕСКО Эрге Бамды жок болуп кетүү коркунучунда турган мурастардын тизмесинен алып таштады. ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар эл аралык конвенциясы 1972-жылы 16-ноябрда ЮНЕСКОнун жалпы жыйынынын негизинде кабыл алынган. Анын максаттары дүйнөлүк мааниге ээ болгон тарыхый, табигый жана маданий мурастарды, жер жүзүндөгү бардык адамзатын, алардын рассасына, улутуна, динине карабай сактоо. Сакталган мурастарды, ЮНЕСКОнун тизмесине кирген күндөн баштап, ал мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн алкагында, күнү бүгүнкүдөй сактоо ЮНЕСКОго мүчө мамлекеттердин баарынын вазыйпасы болуп саналат. Ал эми ЮНЕСКОго маданий мурас катары сакталган жерлер токой, тоо, чөл, булак, эстелик, имарат, комплекс жана шаарлар болуп эсептелет. Иран 1975-жылдын 26-февралында ЮНЕСКОнун жалпы жыйында ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар конвенциясына кошулган. Ал эми 1979-жылы Ирандын тарыхый жерлери Чога Занбил (iii، iv) критерийи, Персеполис (i، iii، vi) критерийи, Нагше Жахан аянты (i، v، vi) критерийи менен эң алгачкылардан болуп ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине катталган. Катталган жерлерге кошулуп Накше Рустам, Накше Ражаб, Таге Бастан, Дамаванд, Масуле тарыхый шаары, Аламуттун маданий пейзаждары, Гүлстан улуттук паркы, Арасбаран аймагынын сактлаган жерлери, Себелан тоосу, Экбетан, Көгүлтүр мечит ж.б. ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүүгө сунушталган. Маданий мурастар уюмунун жетекчиси Масуд Султанифар маалыматы боюнча Ирандын кол өнөрчүлүк, туризм тармагындагы 49 мурасы ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине каттоо үчүн кезекте турат. Анын айтымында Ирандын 2000 ге жакын мурасы аталган тизмеге катталууга мүмкүнчүлүгү бар.

  • ЮНЕСКОнун маданий мурастары
  • ЮНЕСКОнун табигый мурастары
  • ЮНЕСКОнун маданий жана табигый мурастары (курамы менен)
  • Жок болуп кетүү коркунучунда турган мурастар

Катталган күнүнө жараша ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмеси түзөтүү

1. Чога Занбил түзөтүү

Чога Занбил б.з.ч. 1250-жыл мурун Эламдардын доорунда салынган ибадаткана. Ал Дорувенташ шаарынын калдыктарынын бир бөлүгү.

  • iii، iv критерийлердин негизинде 1979-жылы, 113 номуру менен катталган.
  • Жайгашкан жери: Хузестан облусу.
  • Расмий аталышы: Чога Занбил

2. Персеполис түзөтүү

Персеполис (Тахте Жамшид же Парсе) Шираз шаарынын түндүк тарабындагы Фарсу (Ирандын байыркы шаарларынын бирини аты) деген жерде жайгашкан. Тахте Жамшид деп аталган бул комплексте бир нече хан сарайлар жайгашып, Улуу Дарий, Ксерокс жана Артаксеркс доорунда курулган.

  • i، iii، vi критерийлердин негизинде 1979-жылы, 114 номуру менен катталган.
  • Жайгашкан жери: Фарс облусу
  • Расмий аталышы: Персеполис (Тахте Жамшид).

3. Нагше Жахан аянты түзөтүү

Сефеви доорунан калган имараттардан турган төр бурчтук формасындагы Нагше Жахан аянты Ирандын Исфахан жаарында жайгашкан. Аталган аянт Сефеви доорунда Аббас шах башкурып турган заманда курулган. Ал эми бгнк куно чейин сатлалып калган тарыхый имараттар Али Гапу, Имам мечити, Шейх ЛотфАллахтын мечитинен турат.

  • i, v، vi критерийлердин негизинде 1979-жылы, 115 номуру катталган.
  • Жайгашкан жери: Исфахан шаары
  • Расмий аталышы: Нагше Жахан аянты
  • 4. Тахт-е Сулейман (Сулайман тактысы)

Тахт-е Сулайман же Сулайман тактысы Батыш Азербайжан провинциясындагы Тукабга жакын жайгашкан Тахт-е Сулайман айылында жайгашкан абдан чоң тарыхый комплекс. Бул комплекстин тегерек четинде табигый көлдөр жайгашкан, ал эми аталган жерде Парфян, Сасанид, Ильхан дооруна таандык тарыхый калдыктар табылган. Аларджын арасына эң маанилүүсү Аташкеде жана Сасанид дооруна таандык имараттар.

  • i، ii، iii، iv، vi критерийлеринин негизинде 2003-жылы 1077 номуру менен катталган.
  • Жайгашкан жери: Батыш Азербайжан провинциясы
  • Расмий аталышы: Тахт-е Сулейман (Сулайман тактысы

5. Арге Бам түзөтүү

  • Арге Бам Керман провинциясынын Бам шаарынын түндүк-чыгыш тарабында Улуу Жибек жолуна улай жайгашкан Парфян же Ахеменид доорлоруна байланышы бар тарыхый калдык. Арге Бам Кажарлардын доорунун акырына чейин эл жашаган аймак болгон. Бул белгилүү тарыхый курулуш ир.ж. 1382-жылы 5 дей а ындагы Бам шаарында болгон 6/6 шкаладагы жер титирөөнүн натыйжасында керектен чыккан.
  • ii، iii، iv، v критерийлеринин негизинде 2004-жылы 1208 номуру менен катталган.
  • Жайгашкан жери: Керман провнициясы
  • Расмий аталышы: Бам жана анын маданий аймактары.

6. Пасаргад дүйнөлүк мурастар комплекси түзөтүү

  • Пасаргад дүйнөлүк мурастар коплекси Ахаменид доорунан калган, Фарс провинциясындагы Пасаргад шаарчасында жайгашкан комплекс. Ал Улуу Кирдин күмбөзүн, Пасаргад салтанат бакчасын, Он экинчи хан сарай, Көпүрө, Барам хан сарайын, Улуу Кридин өздүк хан сарайын, Камбистин күмбөзү, Музаффар каравансарайын, эки канал, өзүнө камтыйт.
  • ، ii، iii، iv критерийлердин негизинде 2004-жылы 1104 номуру менен катталган.
  • Жайгашкакн жери: Фарс провинциясы.
  • Расмий аталышы: Пасаргад

7. Султание күмбөзү түзөтүү

Султание күмбөзү Мухаммад Ходабандэ Олджайтунун кабыры ир.ж. менен 1302-жылдан 1312-жылга чейин Сулатние шаарында (Хулагуиддердин борбор шаары) курулган. Ал эң маанилүү Иран жанан Ислам архитектурасынын курулушу болуп саналат. Бул курулуш өзүнүн архитектуралык курулушу жана ажайып кооз жасалгасы менен дүйнө жүзүнө белгилүү болгон. Ал эми гүнбөддүн өңү ачык көк түстө. Гүнбөддүн үстүндө узундугу 120 метрге жеткен купола жайгашкан.

  • ii، iii، iv критерийлердин негизинде, 2005-жылы 1188 номуру менен катталган.
  • жайгашкан жери:Занжан провинциясы.
  • Расмий аты: Гонбад-е Султание (Султание күмбөзү).

8. Бисотун жазуулары түзөтүү

Бисотун жазуулары Ахеменид дооруна таандык б.з.ч 523—521 жж. ирандын эң алгачкы табылган жазуусу жана дүйнөдөгү эң чоң жар боорунда жазылган кол жазма. Ал Керманшах менен Хамадандын ортосунда жайгашкан Керманшахтан 30 километр алыстыкта жайгашкан Бисотун тоосунан орун алган. Бисотун жазуусу дүйнө тарыхындагы эң белгилүү жана эң маанилүү тексттердин бири жана Ахеменид доорундагы Улуу Дарийдин буйругу менен жазылган эң маанилүү документ.

  • ii، iii критейрийлердин негизинде, 2006-жылы 1222 номуру менен катталган.
  • Жайгашкан жери: Керманшах провинциясы
  • Расмий аталышы: Бисотун жазуулары

9. Азербайжан чиркөөлөрү түзөтүү

  • Азербайжан чиркөөлөрүнө жалпысынан Ыйык Степанос чиркөөсү, Ыйык Мариям чиркөөсү, Чупан чиркөөсү, Зур Зур чиркөөсү, Тадуес чиркөөсү (Кара келиса) кирет.
  • ii، iii، vi критерийлердин негизинде, 2008-жылы 1262 номуру менен катталган.
  • Жайгашкан жери: Чыгыш жана Батыш Азербайжандагы провинциялар.
  • Расмий аталышы: Азербайжан чиркөөлөрүнүн комплекси.

10. Шуштар тарыхый гидротехникалык системасы түзөтүү

Шуштар тарыхый гидротехникалык системасы Сасаниддер доорунда сууну аркылуу өнөр жай тегирмендерин иштетүү үчүн салынган. Аталган ири комплексте тегирмендер, шаркыратмалар, каналдар, абдан чоң суу туннелдери жана атайы көңүл ачып эс алуучу Сика адамдардын көңүлүң өзүнө бурат. Белгилүү Француз археологу Жан Диелафоу айымдын күндөлүк дептеринде аталган комплекс исламга чейинки эң ири өнөр жай комплекси катары жазылган.

  • i، ii، v критерийлердин негизинде, 2009-жылы 1315 номуру менен катталган.
  • Жайгашкан жери: Хузестан провинциясы.
  • Расмий аталышы Шуштар гидротехникалык системасы.

11. Тебриз базары түзөтүү

  • Тeбриз базары Ирандагы жана Азия континентиндеги эң маанилүү жана эң чоң үстү жабык базар болуп эсептелет. Бул базар кичине базарлардан, көчөлөрдөн жана караван сарайлардан турат.
  • ii، iii، ivкритерийлердин негизинде, 2010-жылы 1346 номуру менен катталган.
  • Жайгашкан жери: Чыгыш Азербайжан провинциясы,
  • Расмий аталышы: Табриз тарыхый базарлар комплекси.

12. Шейх Сефи ад Дин Ардабили күмбөзү түзөтүү

Шейх Сефи ад Дин Ардабили күмбөзү Ирандын түндүк батыш тарабындагы Ардабил шаарынын байыркы тарыхый компленкси болуп саналат. Бул күмбөздү ир.ж. 735-жылы Сефевилердин падышасы шейх Сефи ад Дин дүйнөдөн катйкандан кийин, анын уулу Сад ад Дин шейх Муса тарабыанан салынган. Сефевилер доорунда бул жерге ошол доордогу даанышмандар жана устаттар дайым келип турушкан. Бул комплекстин дагы бир кызыктуу айта кетчү нерсеси анын ар түрдүү тармактардагы өнөрпоздор аркылу кооздолушу.

  • i، ii، iv критерийлердин негизинде, 2010-жылы 11345 номуру менен катталган.
  • Жайгашкан жери: Ардабиль провинциясы,
  • Расмий аталышы: Шейх Сефи ад Дин Ардабили күмбөзү

13. Иран бакчасы түзөтүү

Иран бакчасы өзүнүн структурасы жана жасалгаланышы менен өзгөчөлөнөт. Пасаргад бакчасынын архитектурасы ушул бакчанын архитектурасынын негизинде салынган деп билишет . Ыйык Куруш Иран бакчасы Пасаргаддын жасалгасын жана архитектурасын жеке өз табити менен буйрук берип салдырткан. Ал эми Иран бакчасы так ошол Пасаргад бакчасына курулушу, жасалгаланышы жагынан дейре окшош. Сасаниддер доорунда чиркөөлөрдүн жана хан сарайлардын маңдайына бактар отургузулган. Ал эми 2011-жылы Пасаргард, Эрам, Чехел сотун (Кырк устун), Аббас Абад, Шахзада бакчасы, Доулат Абад, Пахлаванпур, Акбарие сыяктуу Иран бакчалары Ирандагы дүйнөлүк мурастары катары ЮНЕСКОнун тизмесине катталган.

  • i، ii، iii، iv، vi критерийлердин негизинде, 2011-жылы 1372 номуру менен катталган.
  • Жайгашкан жери: Фарс областтары, Мазендеран, Исфахан, Керман, Язд, Хорасан
  • Расмий аталышы: Иран бакчасы

13. Исфахан коомдук мечити түзөтүү

Исфахан коомдук мечити Ирандагы эң маанилүү жана эң байыркы диний имараттардын бири. Бул көлөмдүү тарыхый комплекстин аянты 170х1400 метрди түзүп, Исфахан шаарынын чыгыш тарабындагы эски аянттынын жанынан орун алган. Бүгүнкү күндө аталган комплекс Низам аль Мольктун куполу, Таж аль Мольктун куполу, Төрт эйвандуу (балкондуу) Шабестандар, Мозафари Мехраб Олжайту мечити б.ж турган ар кандай бөлүмдөрдөн турат. Алардын ар бири ошол доорлордо Ислам архитектурасы менен белгилүү болгон. Рази архитектуралык стилинде (иран архитектарылк стилинде) курулган. Исфахан жума мечити византиялык жана классикалык искусствон айкалыштырып, салтуу жана ислам имараттарынын формасын чагылдырат.

  • i، ii، iv критерийлердин негизинде, 2012-жылы 1397 номуру менен катталган.
  • Жайгашкан жери: Исфахан облусу
  • Расмий аталышы: Исфахан коомдук мечити (Месжет жаме-е Исфахан)

14. Гомбед-е Кабус түзөтүү

Гомбед-е Кабус хижрий жылнамасы менен IV-кылымга таандык Ирандын чыгыш тарабындагы Гүлстан обулсунун Гомбед-е Кавус шаарында жайгашкан тарыхый курулуш. Ал Рази архитектуралык стилинде салынган жана ал дүйнө жүзү боюнча эң бийик кыштан курулган бурана. Анын бийиктиги жер деңгээлинен 15 метр бийиктикте жайгашкан. Ал хижрий жылнамасы менен 375-жылы Абул Хасан Кабус ибн Вишмагирдин доорунда, ошол эле доордогу падышалардын борбор калаасы болгон Хикрани шаарында курулган.

  • i، ii، iv критерийлердин негизинде 2012-жылы 1398 номуру менен катталган.
  • Жайгашкан жери: Гүлстан облусу
  • Расмий аталышы: Гонбед-е Кабус муранасы

15 Гүлстан хан сарайы түзөтүү

Гүлстан Хан сарайы Эрге Тегеранда жайгашкан тарыхый комплекстердин бири. Бул хан сарайдын имараттары ар түрдүү доорлордо курулган. Гүлстан хан сарайынын аты комплекстин кире беришиндеги жыйын залдын атынан коюлган. Гүлстан хан сарайы тарыхый Эрге Тегеран жана Тахмасб шах биринчинин, Сефевид доорунда Тегеран шаарынын байыркы бөлүгүндө салынып баштаган. Анын негизги болүгү Тегерандын эски дубалдарынын тегерегинде түптөлүп баштаган; бирок Кажарлар доорунда абдан кеңейтилип Кажар падышалары туруучу жайга айланган. Ал эми Пехлеви шахтын доорунда Гүлстан сарайы жогорку даражадагы өкмөт кызматкерлери, өлко башчылары жана чет элдик кадыр-барктуу меймандарды кабыл алып, алар үчүн расмий иш чараларды өткөрүүчү жайга катары колдонулган.

  • iii،iv критерийлердин негизинде 2013-жылы 5194 номуру менен катталган.
  • Жайгашкан жери: Тегеран облусу
  • Расмий аталышы: Гүлсан хан сарайы

16. Сухте шаары түзөтүү

Сухте шаары Ирандагы байыркы шаардын калдыктары, Ирандын чыгыш тарабында Систан жана Балучестан облусунда Забул Захедан жол жээгинде орун алган. Аталган шаар Хелманд дарыя жээгинде курулган. Шаардын курулуу заманы коло доорундагы Жируфт цивилизациясына таандык жана Зерванилер болжолдуу 60000 жыл мурда аталган шаарда жашашкан. Сухте шаарынын аянты 280 гектарды түзүп, турак жай , борбордук, кол өнөрчүлүк, эсекрүүчү жана көрүстөн сыяктуу беш негизги бөлүктөн турат.

  • ii،iv критерийлердин негизинде 2014-жылы 5185 номуру менен катталган.
  • Жайгашкан жери: Систан жана Белужстан областтары.
  • Расмий аталышы: Сухте шаары

17. Мейман кыштагы түзөтүү

Бир нече миң тарыхы бар Мейманд кыштагы Керман облусунун Бабек шаарынын борбордук бөлүгүндө Бабек шаарынын 30 км алыстыкта жайгашкан. Мейманд кыштагы тоону тешип салынган үйлөрү менен 2015-жылы июль айында дүйнөлүк каттоодон өткөн. Бул кыштак ирандагы адамзатынын эң алгачкы байыр алыш жашаган жери экени шексиз. Жалпысынан алганда Мейман кыштагы 204 баш аламан жайгашкан бөлмөлөрдөн турат. Аталган кыштактын тургундары башкалардан айырмаланган өзгөчө каада салтты карманып, али да болсо байыркы Сасани Пахлави тилиндеги сөздөрдү колдонуп сүйлөшөт.

  • V критерийдин негизинде 2015-жылы 1423 номуру менен катталды.
  • Жайгашкан жери: Керман облусу
  • Расмий аталышы: Мейманд кыштагы

18. Байыркы Шуш шаары түзөтүү

Байыркы Шуш шаары дүйнө жүзүнө таанылган эң байыркы шаарлардын бири. Шуш шаарынын байыркы иш кагаздарынын негизинде, ал шаар дүйнө жүзүндөгү жана Ирандагы эң байыркы жана эң өнүккөн шаарлардын бири болгон деп эсептелет. Байыркы заманда аталган шаар эки цивилизацияны бириктирип турган борбор болгон жана алардын ар бири бул шаарга болуп көрбөгөндөй таасир тийгизишкен.

  • i،ii،iii،iv критерийлердин негизинде 2015-жылы 1455 номуру менен катталган.
  • Жайгашкан жери: Хузестан облусу
  • Расмий аталышы: Шуш шаары

19. Иран каналдары (суу түтүктөрү) Бул суу түтүктөрдүн уникалдуулугунун себеби андагы орток техникалар менен Ирандагы эң терең, эң узун жана эң байыркы сыяктуу атайы өзгөчөлүктөр колодонулуп курулганында. Бул суу түтүктөр жалпысынан 11 канал. Аларга Касабе суу түтүгү, Баладе суу түтүгү Фирдаус, Зарч бакча суу түтүгү, Музд Абад суу түтүгү, Эки кабаттуу Мун суу түтүгү, Ибрахим Абад Эрак суу түтүгү, Исфахан шаарында жайгашкан Вазван суу түтүгү, Жупар суу түтүгү жана Кермандагы Акбар Абад суу тутуктөру кирет.

  • iii،iv критерийлердин негизинде, 2016-жылы 1504 номуру менен катталган.
  • Жайгашкан жери: Хоасан, Разави областтары, Түштүк Хорасан, Язд, Борбордук Керман жана Исфахан.
  • Расмий аталышы: Иран каналдары (суу түтүктөрү)

20. Лут чөлү түзөтүү

Лут чөлү ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Ирандын эң алгачкы табигый жери болуп эсептелет. Лут чөлүнүн аймагындагы цивилизациянын тарыхы 5 миң жылдан ашуун келип, 3000 ге жакын укмуштуудай өзүно эч бир теңдеши жок тарыхый ачылыштар бар.

  • vii،viii критерийлердин негизинде 2016-жылы 1505 номуру менен катталган.
  • Жайгашкан жери: Түштүк Хорасан областтары, Керман, Систан жана Белужстан.
  • Расмий аталышы: Лут чөлү

Окшо издөөлөр түзөтүү

  • ЮНЕСКОдогу Ирандын маданий жана руханий мурастары.
  • ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине катаалу үчүн сунуш кылынган Ирандын тизмеси.
  • ЮНЕСКОдо катталган Ирандык даанышмандардын тизмеси.
  • Ирнадын ЮНЕСКОдо катталган тарыхый мурастары.

Булактар түзөтүү

  • ”Эрге Бам, коркунучта турган мурас” 25.09.2011 оңдолгон.
  • ”ЮНЕСКО эл аралык дүйнөлүк мурастар келишиминин кабыл алынышы”.
  • ”Конвенсиянын кабыл алынышы”, 25.09.2011 оңдолгон.
  • ”Ирандагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастары, каттоого алуу үчүн сунуштар”, 25.09.2011 оңдолгон.
  • ”Дүйнөлүк тизмеге катталуу үчүн Ирандын мурастары. (ИРНА Ислам Республикасынын кабар агенттиги http://www.irna.ir).
  • ”Ирандагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастары”.
  • ”Ирандагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастары”.
  • ”Ирандагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастары”.
  • ”Ирандагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастары”.
  • ”Ирандагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастары”.
  • ”Ирандагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастары”.
  • ”Ирандагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастары”.
  • ”Ирандагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастары”.
  • ”Ирандагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастары”.
  • ”Ирандагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастары”.
  • ”Ирандагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастары”.
  • ”Ирандагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастары”.
  • ”Ирандагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастары”.
  • ”Ирандагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастары”.
  • ”Ирандагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастары”.
  • ”Ирандагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастары” 21/1. 21/0.
  • ”Ирандагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастары”.
  • ”Ирандын ЮНЕСКОДО катталган 11 суу каналы (суу түтүгү)
  • ”ЮНЕСКОнун расмий веб сайты, Иран

ЮНЕСКО