"Иван Грозный" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

+ links + Kremlinpic4.jpg
(+ links + Kremlinpic4.jpg)
[[Файл:Kremlinpic4.jpg|thumb|Иван Грозный.]]
Иоа́нн IV Васи́льевич(аталышы Иван Грозный) Москва алдындагы Коломенск айылында 1530 жылы 25 августа туулган.
'''Иван IV Васильевич''', '''Иван Грозный''' - (25. 8. 1530, Коломенский кыш. 18. 3. 1584, [[Москва]]) 1533-жылдан улуу князь, 1547-жылдан биринчи орус падышасы. Василий III Ивановичтин уулу. Мамлекеттик ишмердиги Тандалган рада түзүлгөндөн (1549) башталган. И. ГУнүн өкмөтү жеке бийликти бекемдеп, мамлекеттин борбордошуусун күчөтүүгө умтулган. 154960-ж. жерг. жана борб. башкарууда, укук, аскер иштеринде реформа жүргүзгөн. 1547-52-ждагы жортуулдарында Казан хандыгын, 1556-ж. [[Астрахань хандыгы|Астрахань хандыгын]] караткан. Ага Сибирь ханы Едигер (1555) жана Чоң Ногой ордосу (1557) баш ийген. Тандалган рада кыйрагандан (1560) кийин, Иван IV жеке бийликти бекемдөөнү жалгыз өзү жүргүзгөн. Ал тышкы саясатында мамлекеттин чыгыш чек арасын кеңейтүүнү, батыш жагынан Балтика боюн кошуп алууну көздөгөн. Ички саясатында жеке бийликтин күчөшүнө каршы болгондор менен аёосуз күрөшкөн. Иван IV феодалдык бытырандылыктын калдыгына каршы күрөшүп, ички саясий душмандарын жоюу максатында 1565-ж. Опричнинаны түзгөн. Эл аны «Грозный« («Каардуу») деп атаган. Иван IV өз мезгилинин билимдүү адамы болгон. Китеп басууну уюштурууда чоң роль ойногон жана бир катар архитектуралык эстеликтерди салдырган.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
 
{{Орус падышалары}}
[[Категория:Орусия Императорлору‎]]
25 681

edits