Кымыз: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белги: 2017 source edit
No edit summary
Белги: 2017 source edit
11-сап:
 
Биздин заманга чейин 484—424 -ж. байыркы грек тарыхчысы [[Геродот]] скифтердин кымыз ачытканын, аны жамаатташ жашаган көчмөн элдерден үйрөнгөнүн жазып кеткен. [[XIII кылым|XIII кылымда]] француз окумуштуусу [[Гильом де Рубрук]] [[1253|1253-жылы]] өзүнүн саякаттары жөнүндө жазган «Тартария» эмгегинде кымыздын даамы, анын даярдалышы жана таасири тууралуу аз да болсо жазып кеткен. Венециялык саякатчы [[Марко Поло]], [[XVIII кылым|XVIII кылымда]] Ф. И. Страленберг жана башка кымызды суусундук (ичимдик) катары баалашса, Кытай жыл баяндарында, [[Авиценна|Ибн-Синанын]] эмгектеринде, кийинчерээк П. С. Паллас, Н. В. Постников, С. С. Зимницкий, А. А. Малинин жана башка орус окумуштууларынын изилдөөлөрүндө Кылымдын дарылык касиети тууралуу айтылып келген. Кымыз алтайлыктар, башкырт, бурят, казак, калмак, кара калпак, кыргыз жана башка элдерде эзелтен эле белгилүү.
[[Файл:A Treatise on Koumiss.jpg|thumb|А. Мейерстин "Сүт шампаны" деп аталган эмгегинин титулдук барагы, ''[[Сан-Франциско (Калифорния)|Сан-Франциско]], [[Америка Кошмо Штаттары (АКШ)|АКШ]] [[1877|1877-жыл]]''.]]
 
== Курамы ==
Кымыз ачуу учурунда [[белок]] жеңил сиңип кетчү заттарга айланып, [[сүт канты]] (сүттөн табылуучу таттуу сымак түссүз кристаллдар) — сүт кычкылына, этил спиртине айланат. Мунун баары кымыздын ток алып жүрүүчүлүгүн пайда кылып, жагымдуу даам жана жыт, ошону менен бирге организмдин суусундукту оңой сиңирүүсүнө алып келет<ref>https://sputnik.kg/infographics/20150513/1015492147.html</ref>.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кымыз" булагынан алынды