Италия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м →‎Табияты: picture + links
1-сап:
[[Файл:EU-Italy.svg|thumb|Италия.]]
[[Файл:Flag of Italy.svg|thumb]]
'''Италия''', Италиян Республикасы – [[Европа|Европанын]] түштүгүндөгү мамлекет, Жер Ортолук деңиздин алабында. Апеннин жарым аралын, Падан түздүгүн, Альп тоолорунун түштүк капталдарын, Сицилия, Сардиния ошондой эле майда аралдарды ээлейт. Италия – [[Франция]], Швейцария, Австрия, Словения, Сан-Марино жана Ватикан менен чектешет. Батышынан Лигурия жана Тиррен, түштүгүнөн Иония, чыгышынан Адрия деңиздери менен чулганат. Аянты 301,3 миң км<sup>2</sup>. Калкы 59,3 млн (2008). Борбору – [[Рим]]. Акча бирдиги – евро (2000-ж. чейин лира). Расмий тили – италян тили. Италиянын аймагы адатта 3 тарыхый-экономикалык аймакка бөлүнөт: Түндүк, Борбордук жана Түштүк Администрациялык-аймактык жактан 20 облуска бөлүнүп, алар 109 провинцияны камтыйт.
 
БУУнун (1955), Европа советинин (1949), Европа союзунун (1993; 1958–67-ж. Европа экономикалык кызматташтыгы; 1967–92-ж. Европа кызматташтыгы), [[НАТО|НАТОнун]] (1949), [[Евратом|Евратомдун]] (1958), ЭВФтин (1947), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1947), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ЕККУнун (1973), Европа экономикалык кызматташтыгы жана өнүгүү уюмунун (1961) мүчөсү.
14-сап:
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008):
 
[[Файл:View of the Po from Turin.jpg|thumb|[[По дарыясы]].]]
Климаты өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө субтропиктик жер ортолук деңиздик, түндүгүндө мелүүн. Жайы кургакчыл жана ысык, июлдун орточо температурасы 23–26°С, түштүктөн соккон сирокко шамалынын таасиринен 40–45°Сге чейин көтөрүлөт. Кышы жылуу жана жаанчыл, январдын орточо температурасы түздүктөрдө 8–11°С. Кар тоолордо гана жатат. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрдө 600–1000 мм, тоолордун айдарым беттеринин айрым жерлеринде 3000 ммден ашык (көбүнчө жылдын суук мезгилинде жаайт). Түндүгүндөгү дарыялардын суусу мол, гидро ресурска бай, сугатка жана кеме жүрүү үчүн пайдаланылат. По (Италиядагы эң чоң дарыя), Арно ж. б. дарыялардын өрөөндөрүндө суу ташкыны болот. Борбордук жана Түштүк Италиядагы дарыялардын суусу аз. Альп тоолорунун этегинде ири көлдөр (Гарда, Комо, Лаго-Мажоре) көп; бийик тоолордо 800дөн ашык мөңгү бар. Жапыз тоолордо маквис жана гарига, айрым жерлерде эмен, каштан жана бук токою, пиния жана альп мырза карагайы өсөт. Деңиз деңгээлинен 800–1800 м бийикте эмен, карагай-көк карагайлуу (Альп тоолорунда) жана жалбырагы күбүлмө токой (Апеннинде), андан бийигирээк субальп жана альп шалбаасы (Альп тоолорунда), ийне жалбырактуу токой (Апеннинде) жана айрым жерлери шалбаа өсүмдүктөрү менен капталган.
 
Климаты өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө субтропиктик жер ортолук деңиздик, түндүгүндө мелүүн. Жайы кургакчыл жана ысык, июлдун орточо температурасы 23–26°С, түштүктөн соккон сирокко шамалынын таасиринен 40–45°Сге чейин көтөрүлөт. Кышы жылуу жана жаанчыл, январдын орточо температурасы түздүктөрдө 8–11°С. Кар тоолордо гана жатат. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрдө 600–1000 мм, тоолордун айдарым беттеринин айрым жерлеринде 3000 ммден ашык (көбүнчө жылдын суук мезгилинде жаайт). Түндүгүндөгү дарыялардын суусу мол, гидро ресурска бай, сугатка жана кеме жүрүү үчүн пайдаланылат. [[По дарыясы|По]] (Италиядагы эң чоң дарыя), Арно ж. б. дарыялардын өрөөндөрүндө суу ташкыны болот. Борбордук жана Түштүк Италиядагы дарыялардын суусу аз. Альп тоолорунун этегинде ири көлдөр (Гарда, Комо, Лаго-Мажоре) көп; бийик тоолордо 800дөн ашык мөңгү бар. Жапыз тоолордо маквис жана гарига, айрым жерлерде эмен, каштан жана бук токою, пиния жана альп мырза карагайы өсөт. Деңиз деңгээлинен 800–1800 м бийикте эмен, карагай-көк карагайлуу (Альп тоолорунда) жана жалбырагы күбүлмө токой (Апеннинде), андан бийигирээк субальп жана альп шалбаасы (Альп тоолорунда), ийне жалбырактуу токой (Апеннинде) жана айрым жерлери шалбаа өсүмдүктөрү менен капталган.
 
Италияда жалпы 2,9 млн га жерди ээлеген коргоого алынган 772 табигый аймак уюшулган; анын ичинде жалпы аянты 1,34 млн га болгон 22 улуттук парк бар, алардын эң алгачкылары жана белгилүүлөрү – Гран-Парадизо (1922), Чирчео (1934) улуттук парктары. Тиррен жана Адрия деңиздеринин жээктеринде Европанын көптөгөн келгин куштары кыштайт. Ошого байланыштуу коргоого алынган 48 аймак эл аралык маанидеги суу-саздуу жер болуп саналат. Коргоого алынган деңиз мейкиндиктери, анын ичинде ЮНЕСКОнун биосфералык резерватына киргизилген Мирамаре деңиз паркы 2,8 млн га аянтты ээлейт. Липари аралы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.
Line 23 ⟶ 25:
==Тарыхы==
[[Файл:Capitoline she-wolf Musei Capitolini MC1181.jpg|thumb]]
[[Файл:Roman Empire Trajan 117AD.png|thumb|117.]]
Италиянын аймагында адам палеолит доорунда жашай баштаган. Коло (биздин заманга чейинки 2-миң жылдык) жана темир доорлорунда (биздин заманга чейинки 1-миң жылдык) жашаган лигури, этруск, италик урууларына таандык бир катар археологиялык маданияттар калган. Латындар менен сабиндер (италик уруусунан) биздин заманга чейинки 6-кылымдын ортосунда Римди негиздеген. 5–3-кылымда [[Апеннин жарым аралы|Апеннин жарым аралын]] караткан соң, биздин заманга чейинки 2-кылымда ири кул ээлик мамлекет түзүлгөн (к. Рим байыркы). Кул ээлик системанын кризиси (биздин замандын 3-кылымынан) жана варварлардын 4–5-кылымдардагы кысымы 476-ж. Рим империясын кулоого алып келген. Империянын Батыш бөлүгүн варварлар (башчысы [[Одоакр]]) басып алган. Италияда 493–554-ж. остготтор (борбордук Равенна) мамлекети түзүлгөн. 554-ж. Италиянын көп бөлүгүн Византия караткандан кийин Рим империясы калыбына келтирген. Түндүк Италияны 568-ж. лангобарддар басып алып, өзүлөрүнүн королдугун түзгөн. Алардын тушунда кул ээлик система бузулуп, эркин жамааттар негизги өндүргүч күчкө айланган.
 
Италия айрым феодалдык ээликтерге бытырап, герман королу Оттон 1чинин баскынчыл жортуулдарынын (951, 961–62) натыйжасында 962-ж. Ыйык Рим империясынын курамына киргизилген. 11–12-кылымдарда Италия рим папасы менен герман императорлорунун талашына түшкөн.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Италия" булагынан алынды