Кадыр түн: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү
1-сап:
'''Кадыр түн''' - (араб тилинде лайлату-ль-кадр кудуретидининде күчтүү) – ислам дининде белгиленүүчү рамазан (орозо) айынын 27-түнү. Мусулмандардын түшүнүгү боюнча Алла Мухаммедге курандын алгачкы «фаатиха» «Ачуучу сүрөөсүн» рамазан айынын 27-түнү түшүргөн. Ал «Духан» (44) жана «Кадр» (97) сүрөөлөрүндө кадырлуу, кайталангыс «куттуу түн» катары каралып, ошол түндүн артыкчылыктары жөнүндө айтылат. Бул түнү чыныгы мусулмандар таң аткыча уктабастан, Кудайга кулчулук кылып, жакшылыктарды тилеп, куран окуп өткөрөт. Аллага ыраазычылыгын билдирип, алкыш айтуу менен көңүлүндөгү ыйык сакталган сырларын кабыл кылуусун тилешип, мечитте же үйлөрүндө тосушат, бул тилектер сөзсүз кабыл болоруна жана бул түн «миң айлык ибадаттан» да жогору турарына ишенишет. Мусулмандардын ишениминде Алла тарабынан адамдын тагдыры белгиленип, бакытка, байлыкка жолугат.
[[Категория:Ислам]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кадыр_түн" булагынан алынды