Кыргыз тили: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
м typo
28-сап:
}}
 
'''Кыргыз тили''' – [[Кыргыз Республикасы|Кыргыз Республикасынын]] мамлекеттик тили, түрк тилдеринин курамына, анын ичинде [[кыргыз-кыпчак тобу]]на кирет. Кыргыз Республикасынын түптүү калкынын, [[Кытай|Кытайдагы]], [[Өзбекстан]], [[Тажикстан]], [[Казакстан]], [[Каракалпакстан|Каракалпакстан Республикасы]], [[Ооганстан]], [[Түркия]], [[Орусыя|Орусияда]] жашап жаткан кыргыздардын эне тили. 2009 ж. өткөн [[Элди жана турак-жай фондун каттоо, 2009|элди жана турак-жай фондун каттоонун]] жыйынтыгында Кыргыз Республикасында кыргыз тилин '''3830556'''3 830 556 адам өз эне тили катары көрсөтүшкөн жана '''271 187''' адам кыргыз тилин экинчи тил катары биле тургандыгы аныкталган <ref>[http://212.42.101.100:8088/nacstat/node/23 2009 ж. Эл жана турак-жай фондун каттоо/Улуттук статистика комитети]</ref>. Бул КРсындагы калктын 76% кыргыз тилинде сүйлөйт дегенди билдирет. Кыргыз тилинде '''1 720 693''' адам [[Орус тили|орус тилин]] дагы билише тургандыгын көргөзүшкөн<ref>[http://212.42.101.100:8088/nacstat/node/111 2009. Эл жана турак жай фондун каттоо/Улуттук статистика комитети]</ref>. Бул '''2 109 863''' адам кыргыз тилинде гана сүйлөй билишет дегенди билдирет. Болжолдуу эсеп менен дүйнө жүзү боюнча кыргыз тилинде 5 100 000 адам сүйлөйт.
 
== Тарыхы жана бөлүнүшү ==
Кыргыз тилин шарттуу түрдө
* '''''байыркы''''',
* '''''орто'''''
* '''''жаңы''''' кыргыз тилине бөлүүгө болот.
40-сап:
 
=== Орто кылымдардагы кыргыз тили ===
10-кылымга чейин саясий-согуштук кырдаалдар, согуштук аракеттер, миграциялар, кыргыз тилинин эволюциялык ѳнүгүүсүнѳ тийгизген таасири тууралуу ѳз алдынча изилдѳѳлѳр азырынча жүрѳ элек. Бирок [[Махмуд Кашгари]]де Киркиз, Кифжак, Угуз, Тухси, Йагма, Жикил, Уграк жана Жаруктардын тили – бир, таза түрк тили [туркиййя мах̣д̣а луг̣а вāх̣ида] экенин, Йамак менен Башгирт тили аларга жакын экени эскертилет. Ошону менен эле бир катар «бардык Йагма, Тухси, Кифжак, Йабаку, Татар, Кай, Жумул жана Огуздар «з» тыбышын «й» менен алмаштырып салышарын, башкача айтканда бул топтогулардан башкалар (анын ичинде кыргыздар дагы) кайыңды (жыгач, бак) «казиң», кийизди «кизиз», кездеменин кыйыгын (кыйык) «кузук» деп сүйлѳѳрү белгиленген. Негизи окшоштугу жагынан Махмуд Кашгаринин сѳздүгүндѳ колдонулган сѳздѳр дээрлик азыркы кыргыз тилинде, эң эскилерин алиге чейин түштүк кыргыздары колдонорун белгилѳѳгѳ болот. Мисалы, Махмуд Кашгариде «курум» – «аска-таш», «амаж» – соко. Азыркы учурда жергеталдыктар үйүлүп калган шагыл ташты курум дешсе, жалпы түштүктө сокону амач деп аташат. Бирок байыркы Энесайлык кыргыздардын жазуу тили азыркы кыргыздардын тилине тийгизген таасирин так кесе айтууга болбойт. Мисалы, кээ бир окумуштуулар (кара: Петров. К.И. Очерки происхождения киргизского народа. Фр., 1963) «XIII-XV кылымдарда Тянь-Шанда калыптанган тилдин моңголдордун чабуулуна чейинки (XIII кылымга чейинки)Тянь-Шанда жашаган калк жана енисейлик кыргыздарга тиешелүү тилге жатпагандыгын» баса белгилеген. Кыргыз тилинин моңголдордун чабуулуна чейин ѳзгѳрүүгѳ учураганын академик Болот Жунусалиев (Юнусалиев) дагы кѳрсѳтѳт. Мисалы, «кыргыз-алтай тилинде лексика, фонетика жана морфологиядагы окшоштуктардан тышкары кыргыздын тагай, адигине уруулары колдонуп, бирок ичкиликтерде кезикпеген өзүнчө сөз тобу бар. Алар мындай: «сонун», «белен», «каалга», «унаа», «керээз», «арга», ж. б. Эми, биринчиден, бул сөздөр моңгол тилине кирген бардык тилде (анын ичинде жазуу тилинде да) кезигет; экинчиден, кыргыздын жогоруда көрсөтүлгөн урууларынан башка азыркы алтай, тува, кээде хакас тилинде да жолугуп, бирок булар менен уялаш башка элде колдонулбайт. Бул эмне дегендик? Мындай сөздөрдүн жалпы ортоазиялыктарда жана батыш түрк тилинде жолукпай, моңгол тилинде гана кезигип, кыргыздар менен алтайлыктар аны моңгол тилдүү элден кабыл алуусу төгүнгө чыкпай турган далил болуп эсептелет. Анда, алар аны качан, кайсы жерде кабыл алган деген жүйөлүү суроо туулат. Кыргыздар аны Орто Азияны моңголдор каратып алган мезгилде кабыл алды дешке негиз жок, эмне үчүн дегенде, ал сөздөрдү (жок дегенде кээ бирин) казак, өзбек, уйгур, тажик, түркмөн же башка элдер да кабыл алышы керек болчу. Моңголдор аларды да басып алган. Ошондуктан адигине жана тагай уруулары аталган сөздөрдү кыргыздар алтайлыктар менен алардан мурда аралашып, саян-алтай бөксө тоолорунда жүрүп кабыл алган деген тыянак чыгат. Ал эми мындай сөздөр ичкиликтердин диалектисине кирбей калышы – ичкиликтер ал туугандарынан өтө оолакта калганын, же кыргыз эли моңгол тилин сөзүн кабыл алып жүргөн мезгилде алардын алыскы түштүк-батыш чегинде калышканын далилдейт. Бул фактылар башка фактылар менен да түз байланышып турат» (кара: Юнусалиев Б.М. К вопросу о формировании общенародного киргизского языка.“Труды ИЯЛ АН Кирг. ССР”, 1956, вып. VI). Соңку [[Ислам|ислам дининин]] таасири менен кыргыздар араб арибин пайдаланууну ѳздѳштүрүшкѳн. Дал ушул мезгилден кыргыз тилине ислам дининин, кошуна жашаган түрк-иран тилдүү элдердин таасири астында иранизм, арабизм лексикалары кире баштаган. Ошол мезгилден тартып, азыркы [[Кыргыз Республикасы|Кыргызстанда]] 1928 ж. чейин, Кытайдагы кыргыздарда азыркы учурда дагы кыргыз тилинде жазуу араб арибин колдонуп жүргүзүлгөн.
 
Айрым изилдѳѳчүлѳрдун тыянагы (Н.А.Баскаков) боюнча кыргыз тили 10-к. тартып кыпчак тилинин таасирин күчтүү ала баштаган. 10-13-кк. тарыхый кырдаалдардын соңунан энесайлык жана теңиртоолук кыргыздардын тилдери ѳз алдынча ѳнүгѳ баштаган. <br />
 
Эне-Сайдагы кыргыздардын тили 1703-ж. чейин ѳз алдынча өнүгө берген. Бул кыргыздар [[Жунгария|Жунгарияга]] сүрүлгөндөн соң, энесайлык кыргыздар ѳз алдынча этностук өнүгүү негизинен ажырап калышкан. Ошол кыргыздардын тили бүгүнкү хакастардын, тувалардын, шорлордун, карагастардын, түштүк алтайлыктардын тилдеринин калыптанышына башкы ролду ойноду, энесайдагы кыргыз тили кийинки жашоосун улантты.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кыргыз_тили" булагынан алынды