"Ирланд тили" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

(Бот: автоматизированный импорт статей)
 
 
'''Ирланд тили''' – [[Ирланддар|ирланддардын]] тили. [[Ирландия]] мамлекетинин расмий эки тилинин бири. [[Улуу Британия жана Түндүк Ирландия|Улуу Британияда]], [[Түндүк Ирландия|Түндүк Ирландияга]] да таралган. [[Кельт тилдери|Кельт тилдеринин]] гойдель тобуна кирет. Жазмасы латын алфавитинин негизинде (7-кылым.). Ирланд тили тарыхы төрт мезгилге бөлүнөт: 1) байыркы, башкача айтканда огам мезгилине (4-кылымда башталган) огам жазуусу менен жазылган байыркы ирланд жазуу эстеликтери таандык; 2) байыркы ирланд мезгилинде (6-кылымдын ортосунан, 5-кылымдын аягы – 6-кылымдын башында түзүлгөн латын графикасынын негизиндеги жазуу пайдаланылган; 3) ортоңку ирланд (11-кылымдан баштап), мезгилинде байыркы ирланд жазуу эстеликтери менен катар көптөгөн адабий эстеликтер жаралган. 4) жаңы ирланд мезгили (13-кылымдан башталган). Ирланд тилинин мунстер, коннахт, ольстер, лейнстер (20-кылымдын башында эле жоголуп кеткен) деген 4 диалекти белгилүү.
 
[[Категория:Тил илими]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
 
[[Категория:Тил илимиТилдер‎]]
[[Категория:Ирландия]]
25 681

edits