Балтика деңизи: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м + link
м + links
1-сап:
[[Файл:Locatie Oostzee.PNG|thumb|Балтика деңизи.]]
'''Балтика деңизи''' - (байыркы славянча Варяг деңизи) [[Атлантика океаны|Атлантика океанындагы]] материкке кирип жаткан [[деңиз]], Түндук жана Ортоңку Европанын жээктерииде. [[Россия]] Федерациясы, [[Латвия]], [[Польша]], [[Германия]], [[Дания]], [[Швеция]] жана [[Финляндия]] өлкөлөрү менен чектешет. Аянты 419 миң км<sup>2</sup>. Дания кысыктары аркылуу Түн. деңиз менен туташат. Көлөмү 21,5 миң км<sup>3</sup>. Материктик тайыздыкта жайгашкан, басымдуу терендиги 40100 м, эң терең жери 470 м. Түндүк жээги аскалуу, негизинен шхер жана фьорд тибинде, түштүгү жана түштук-чыгышы ойдуңдуу, кумдуу, [[лагуна]] тибинде. Жээги булуң-буйткалуу, эң терең булуңдары: [[Ботния булуңу|Ботния]], Финн, [[Рига булуңу|Рига]], Курш, Щецин, Гдань. Аралдары: Аланд, [[Моонзунд архипелагы|Моонзуид]], Борнхольм, [[Готланд]], Эланд, Сааремаа, Хийумаа, Рюген. Балтика деңизине Нева, Батыш Двина (Даугава), Неман, Висла, Одра ж. б. дарыялар куят. Орточо температурасы кышында 1-3°С, жээгинде 0°Сден төмөн, жайында 18-20°С. Туздуулугу батышында 11%о, борбор бөлүгүндө 6-8%о. Булуңдарында жана жээктеринде муз 16-45 күндөн (Дания кысыктары) 210 күнгө чейин (Түндүк Ботния булуңу) жатат. Шамалдын жана өзгөрүлмөлүү аба басымынын таасиринен деңиз деңгээлинен 1,5-3 м ге көтөрүлүп, булуңдарда суу ташкындайт (мисалы, Нева колтугунда). Суткасына эки жана бир жолу ташкындайт (0,04 м ден 0,1 м ге чейин). Балык (негизинен килька, салака, балтика трескасы) кармалат. Волга Балтика суу жолу аркылуу Волга, Ак деңиз Балтика каналы аркылуу Ак деңиз менен туташат. Антропогендик таасирден экология абалы начарлап кеткен. Негизги порттору: Санкт-Петербург, Таллин, Рига, Лиепая, Калининград, Клайпеда, Гданьск, Гдыня, Щецин, Росток, Любек, Киль, Копенгаген, Мальмё, Стокгольм, Лулео, Турку, Хельсинки, Котка. Жээгинде Сопот, Юрмала, Лиепая, Колобжег, Устка, Херингсдорф ж. б. белгилүү курорттор жайгашкаи.
 
==Колдонулган адабияттар==