Инди океаны: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
3-сап:
 
==Таманынын рельефи==
Инди океаны жээктей материктик тайыздыктын кууш тилкеси (100 мге чейин) жайгашкан. Анын сырткы чети 200 м, [[Антарктида|Антарктидага]] жакын жана [[Австралия (континент)|Австралпянын]] түндүк-батышында 300-500 мге чейин тереңдикте жатат. Материктик каптал Ынд, [[Ганг]] жана башкалар дарыялардын каньондору жана өрөөндөрү менен тилмеленген. Океандын түндүк-чыгыш бөлүгүндө Зонд аралдар догоосу, ага туташ тереңдиги 7729 м келген Зонд кобулу (ЫндыИнди океанынын эң терең жери) жатат. Океан таманы кырка тоолор жана жалдар аркылуу чуңкурдуктарга (Борбордук, Батыш Австралия, Африка-Антарктида жана башкалар) бөлүнгөн. Суу асты кырка тоолордон Чыгыш Ынды кырка тоосу мерпдпан багытында созулуп (узундугу 5000 кмден ашык), түндүгүндө кеңдик багыттагы Батыш Австралия кырка тоосу менен туташат. Океан ортолук кырка тоосу океандын борбордук бөлүгүнөн үч тармакка түндүк (Арап-Ынды кырка тоосу), түштүк-батыш (Батыш-Инди жана Африка-Антарктика кырка тоолору) жана түштүкчыгышка (Борбордук Ынды жана Австралия-Антарктика кырка тоолору) ажырайт. Океан таманында жанартоонун атылышынан пайда болгон айрым тоолор (Бардин, Щербаков, Лена жана башкалар) бар. Фораминиферлер (материктик капталдарда, кырка тоолордо жана чуңкурдуктардын таманында), диатом (50° түштүк кеңдиктен түштүгүрөөктө) жана шуру (коралл) чөкмөлөрү басымдуу. Кен байлыктары: шельфтерде мунай жана газ (к. [[Парс булуңу]] мунай жана газ бассейни), монациттүү кумдар, рифт зоналарында хром, темир, марганец, жез жана башкалар кенташтар. Таманында темир-марганецтүү конкрециянын зор запасы бар.
 
==Климаты==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Инди_океаны" булагынан алынды