Рязань: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
м + Ryazan_collage.jpg
1-сап:
[[Файл:Ryazan collage.jpg|thumb|Рязань.]]
'''Рязань''' – [[Россия]] Федерациясындагы шаар. Рязань облусунун административдик борбору. [[Ока]] дарыясынын Трубеж дарыясына куя беришинде жайгашкан пристань. [[Калкы]] 510,0 миң (2009). Темир жол түйүнү. Машина куруу (заводдору: «Тяжпрессмаш», станок куруу, автомобиль агрегаттары, прибор куруу, металл карапа аспаптарын чыгаруу), нефть ажыратуу, химиялык, жеңил, тамак-аш өнөр-жай ишканалары иштейт. Төрт Жогорку окуу жайы, 3 театр, тарыхый-архитектуралык музей-корук, сүрөт музейи, И. П. Павловдун үй-музейи (ушул шаарда туулган) бар. 11-кылымдын аягында негизделген. 1778-ж. чейин Переяславль-Рязанский аталган. 13-кылымдан Рязань княздыгынын борбору. Кремль ансамбли [анын ичинде Успенье (1693–99), Архангель (15-кылым) соборлору, Архиепископ палатасы («Олег сарайы», 17-кылым)], Спас монастырь комплекси (17–18-кылымдар), 17-кылымга таандык көптөгөн чиркөөлөр сакталган.
[[Категория:География]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
 
[[Категория:ГеографияРоссия шаарлары‎]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Рязань" булагынан алынды