Жанна д'Арк: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
wikidata, links, Contemporaine afb jeanne d arc.png, categories
+ link
 
1-сап:
[[Файл:Contemporaine afb jeanne d arc.png|thumb|upright|Жанна д'Арк.]]
'''Жанна д'Арк''' - (6. 1. 1412, [[Лотарингия]], Домреми кыштагы – 30.5. 1431, [[Руан]]) – [[Франция|Франциянын]] улуттук баатыры. [[Жүз жылдык согуш (1337-1453)|Жүз жылдык согуш]] (1337–1453) мезгилинде англистерге каршы француз элинин боштондук күрөшүн башкарган. Англистер басып алган [[Орлеан]] шаарын 1429-ж. 8-майда бошоткон ([[Орлеан]] кызы деген ат ушундан калган). Бир катар аймакты ээлеген соң, ал аскерлерди Реймсти көздөй баштап, 1429-ж. 17-июлда мураскер Карлды ([[Карл VII]]) такка отургузат. Элдик согуштун күчөшү менен Жанна д'Арктын кеңири белгилүү боло башташынан чочулаган король жана ак сөөктөр, аны согушка башчылык кылуудан четтетишет. 1430-ж. 23-майда [[Компьен]] шаарынын жанындагы салгылашта англистерге танапташ – бургундуктар туткунга түшүрүп, англистерге сатып жиберген. Руанда чиркөө соту Жанна д'Аркты «кудайбезер», «көз боёмочу» деп айыптап, өрттөп өлтүрткөн. 1456-ж. Францияда болгон жаңы cот Жанна д'Аркты актаган. 1920-ж. католик чиркөөсү аны эң кадырлуу ыйыктардын катарына кошкон.
 
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—19967—14—046—1
 
[[Категория:Инсандар]]