Суусамыр тоо кыркасы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
fix links & categories
1-сап:
[[File:Suusamyr.jpg|200px|thumb|Суусамыр кырка тоосу.]]
'''Суусамыр кырка тоосу''' — [[Ички Теңир-Тоо|Ички Теңир-Тоодо]]. [[Суусамыр]] жана [[Кетмен-Төбө өрөөнү|Кетмен-Төбө]] өрөөндөрүн бөлүп турат. [[Ала-Бел]] ашуусу|Ала-Бел ашуусунан]] (батышта) [[Көкөмерен капчыгайы|Көкө-Mерен]] капчыгайына]] чейин (чыгышта) кеңдик багытта 126 кмге созулуп жатат. Эң жазы жери 31 км. Орточо бийиктиги 3500 м, эң бийик жери 4048 м. Чыгыш бөлүгү [[Сарыкамыш]] деп аталат. Тескей тарабы кыска, айдөш түздүктүү, түштүк капталы жазы, чейин жапыздайт. Түштүк капталы тик, түндүгү бир аз жантайыңкы. Түштүк капталына Кара-Суунун өрөөнүнө түшүп жаткан корум таштар мүнөздүү. Ашуулар көп: Капка(бийиктиги 3339 м), Кентулук (3289м), [[Шибе-Бел]] (3140 м), Такталык (2324 м), [[Карагыш]] (1961 м) жана башка. Кырка тоо төртүнчүлүк мезгилде көтөрүлгөн. Тоонун ортоңку бөлүгү карбон мезгилинде пайда болгон метаморфизмделген акиташ, конгломерат, алевролит жана башка, түндүк тармагы андезит, базальт трахит-базальттуу порфирит жана башка, түштүк канаты девондун чөкмө жана интрузия тектеринен турат. Мөңгү жок. Жарым чөл (1400 м бийиктикке чейин), кургак талаа (1400–1700 м), талаа жана шалбаалуу талаа (1700–2900 м), шалбаалуу талаа, субальп (2700–3100 м) жана альп шалбаа (3200–3400 м) ландшафттары мүнөздүү.<br>
 
==Адабияттар ==
* http://www.bizdin.kg/elid/kitepter/pdf/geogr_ensclp.ptf Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.:2004<br>
 
[[Категория:Кыргызстандын тоолору‎]]
[[Category:Кыргызстан]]
[[Категория:Теңир-Тоо]]
[[Category:Чөлкөм таануу]]
[[CategoryКатегория:Тумар-2011]]<br>
[[Category:География]]
[[Category:Тоо]]
[[Category:Жаратылыш]]
[[Category:Түндүк Кыргызстан]]
[[Category:Тумар-2011]]<br>