Кытай: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
50-сап:
|Штрих коду =
}}
'''Кытай''', '''Какан''' (кытайча — 中华人民共和国; кызыл-суулук кыргыздар '''Жуңго''' дешет, сөзмө-сөз — Ортонку мамлекет), Кытай Эл Республикасы (КЭР; кытайча ''Zhōnghuá Rénmín Gònghéguó'') — Борбордук жана Чыгыш Азиядагы мамлекет. Чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Тынч океандын Сары, Чыгыш Кытай жана түштүк Кытай деңиздери (жээк сызыгынын узундугу 18 миң кмден ашуун) менен чулганат; жээктей көптөгөн аралдар жайгашкан; алардын ирилери: Тайвань, Хайнань. Кургактык менен өткөн чек арасынын узундугу 22,8 миң км. түндүк-чыгышынан КЭДР жана [[Орусыя]], түндүгүнөн [[Моңголия]], түндүк-батышынан Орусыя, [[Казакстан]] жана [[Кыргызстан]], батышынан [[Тажикстан]], [[Ооганстан]], ошондой эле [[Пакистан]], түштүк-батышынан жана түштүгүнөн [[Индия]], Непал жана [[Бутан]], түштүк-чыгышынан [[Мьянма]], [[Лаос]], [[Вьетнам]] менен чектешет. Аянты 9,6 млн км<sup>2</sup> (дүйнөдө Орусыя жана [[Канада]]дан кийинки 3-орунда). Калкы 1,3 млрддан ашык (2014, дүйнөдө 1-орунда). Борбору — [[Пекин]]. Расмий тили — [[кытай тили]]. Администрациялык-аймактык жактан 23 провинцияга, 5 автономия районго, 4 борборго баш ийген шаарга (чет жакасындагы ири шаарлар менен кошо, аны курчаган зор аянтты камтыйт), 2 өзгөчө администрациялык районго бөлүнөт.
 
Кытай — БУУнун (1945), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1945), Азия-Тынч океан экономикалык шериктештигинин (1991), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2001), [[Шанхай|Шаңхай]] кызматташтык уюмунун (2001) мүчөсү
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кытай" булагынан алынды