Паллас Петер Симон: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
links, fix categories, wikidata + Pallas PS by Tardier grey.jpg
+ links
 
1-сап:
[[Файл:Pallas PS by Tardier grey.jpg|thumb|Петер Симон Паллас.]]
'''Паллас Петер Симон''' (немисче {{lang- de|Peter Simon Pallas}}; 1741—1811) - атактуу немис жана орус окумуштуусу, энциклопедиячы, табиятаануучу жана саякатчы. XVIII к. экинчи жарымында ошол учурдагы Россия империясынын аймактарын, анын ичинде Сибирди кыдырып чыккан, орус жана дүйнөлүк илимге зор салымын киргизген [[Биология|биолог]], [[География|географ]], [[тарыхчы]]-[[Этнограф|этнограф]], [[Филология|филолог]].
 
==Өмүр баяны==
[[Файл:Cyanopica cyanus by Peter Simon Pallas.jpg|thumb|''Cyanopica cyanus'' Pallas 1776.]]
Паллас Петер Симон 1771-1772 жж. азыркы Хакас-Минусин ойдуңунда болгон. Окумуштуу тарабынан көп сандаган эски көрүстөндөр, таш беттерине чегерилген жазуу эстеликтери (кыргыз жазуулары), эски шаарлардын чалдыбарлары, кен иштеткен, петроглифтер ж.б. изилденип, кагаз бетине түшүрүлүп, тизмеге алынган. Айрым эстеликтер Паллас Петер Симон тарабынан табылып, илимге киргизилген. Болочок окумуштуу 1741-ж. 22-сентябрда Берлинде немис дарыгери Симон Палластын үй бүлөсүндо туулган. Палластардын теги пруссактардан (Пруссия) болгондугу айтылат. Энеси Менц деген шаардан чыккан эмигранттардын кызы болгон. Паллас Петер Симондун жаштык чагы агартуучу болгон Пруссия королу Фридрих II дооруна туш келген. Пруссия королу илим борбору болгон Академияны түпкүлүктүү оңдоп, кайра курган. Атасы өз уулун ата кесибин улантат деген үмүттө болгоню. Бирок, жаш Симон табият таануу илимин тандап алган эле. Жеке окутуучулардан билим алган Симон 13 жашка келгенде англис, француз, латын, грек тилдерин мыкты үйрөнүп чыккан экен. Ал бир эле учурда ботаниканы,зоологияны, акушерлик сабактарга катыша баштаган. Ал Галле (1758-1759) жана [[Гётинген]] (1759-1760) университеттеринде билим алат. [[Педагогика]], [[философия]], тоо иштери, [[зоология]], [[ботаника]] ([[Карл Линней|Карл Линнейдин]] системасы боюнча), айыл чарбасы, [[математика]] жана [[Физика|физиканы]] тереңдеп үйрөнгөн. 1760-ж. [[Лейден Университети|Лейден университетине]] кирип, ал жерден илимий ишин коргогон, андан соң Голландияда өз ишин улантып, илим менен алектене баштаган. Голландияда табият таануу илимдери жаатында бир катар эмгектери жарык көрөт. Жаш окумуштуу [[Африка]], Азия сыяктуу сырлуу өлкөлөрдү кыдырууну кыялданат эле. 1766-ж. Паллас Петер Симонду [[Россиянын Илимдер Академия|Россиянын Илимдер Академиясы]] табият таануу боюнча профессор жана академиянын мүчөсү катары кабыл алышат. Арадан бир жыл өткөндөн соң Паллас Петер Симон чакырууну кабыл алып [[Санкт-Петербург|Санкт-Петербургга]] келген. 26 жаштагы илимпоз профессор даражасына ээ болгон жана Европанын илим чөйрөсүнө кеңири белгилүү болуп калган эле. Россияга үй бүлөсү менен келген немис окумуштуусуна 800 рублей маяна төлөп бермек болушкан. Бул акча ошол заман үчүн аябагандай чоң сумма болгон экен. Теги немис болгон орус императору [[Екатерина II]] Россия империясынын учу-кыйры белгисиз болуп жактан аймактарын изилдөөгө өтө ынтызар болуп, чет элден көптөгөн окумуштууларды өлкөгө чакырган. Паллас Петер Симондун жетекчилиги астында бир нече “физикалык”, “астрономиялык” экспедициялар түзүлгөн. Бул илимий экспедициялардын негизги максаты болуп, Сибирдин жана Ыраакы Чыгыштын аймактарын комплекстүү изилдөө турган. Ар бир илимий экспедицияга белгилүү окумуштуулар жетекчилик жасашкан. Волга бою, Каспий чектеш аймактар, Урал, Батыш Сибирь, Алтай, Байкал, Забайкалье ж.б. жерлер изилденген. Экспедиция өтө оор шартта жүргөн. Экспедиция мүчөлөрү Сибирдин оор жаратылыш шарттарында иштөөгө, изилдөө иштерин жүргүзүүгө туура келген. Бул изилдөө иштерине көп адам катышкандыгы маалым. Илимий экспедициялардын жыйынтыгы аябагандай зор маалыматтарды топтоо, аларды Кунсткамерага тапшыруу, андан соңку илимий эмгектерди жазуу менен коштолгон. Изилдөөнүн жыйынтыгызоология, ботаника, палеонтология, геология, физикалык географтя, экономика, тарых жана этнография илимдеринде зор ачылыштарды камсыз кылган. Паллас Петер Симон Санкт-Петербургга 1774-ж. кайтып келген. Андан кийин илимий изилдөө иштерин Россияда уланта берген.
 
==Эмгектери==
Line 42 ⟶ 43:
* [[Каратаев, Олжобай Кубатбекович|Каратаев О.К.]] Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015.
 
[[Категория:СаякатчыБотаниктер‎]]
[[Категория:Тарыхчылар‎]]
[[Категория:Географтар‎]]
[[Категория:Этнографтар]]
[[Категория:ФилологЗоология‎]]