Компьютердик корпус: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
[[File:Stripped-computer-case.JPG|right|thumb|Капталында жаткан бош [[ATX]] корпусу]]
 
'''Компьютердик корпус''' ({{lang-en|computer case}}) — тик бурчтуу куту түрүндө түзүлөт жана киргизилген берилмелерди иштетүүчү электрондук схемалардан турат. Электрондук схемалар [[энелик такта]] деп аталган башкы тактага бириктирилет. Энелик тактага [[борбордук процессор]], [[эс]] жана башка микросхемалар орнотулат. Борбордук процессор (CPU-central processing unit) эки түзүлүштөн турат, алар (1) башкаруучу түзүлүш (control unit) деп аталат жана [[Компьютер|компьютерге]] киргизилген буйрукту (көрсөтмөлөрдү) аткартат, (2) арифметикалык-логиктикалык (ALU) түзүлүш деп аталып, арифметикалык жана логикалык амалдарды аткарат. Борбордук процессорду айрым учурда жөн эле [[процессор]] деп атап коюшат.
 
Компьютердик корпуска кирген башка электрондук схемалар киргизгич, чыгаргыч жана сактагыч түзүлүштөр менен иштөөчү компоненттерди камтыйт. Сактоочу түзүлүштөр жана байланыштыруучу приборлор көп учурда компьютердик корпустун ичине орнотулат.
 
Компьютердик корпуста [[Компьютер|компьютердин]] негизги элементтери жайгашкан ([[Борбордук процессор|процессор]], [[Видеокарта|графикалык карта]], ток берүүчү блок, [[катуу диск]], CD жана DVDни окуу жана жазуу куралдары, компьютердин негизги эс тутум бөлүгү ж.б.)
 
== Колдонулган адабияттар ==