Тиррен деңизи: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
Mezzogiorno d'Italia.jpg + links
 
1-сап:
[[Файл:Mezzogiorno d'Italia.jpg|thumb|Тиррен деңизи.]]
'''Тиррен деңизи''' – жартылай туюк деңиз, [[Жер ортолук деңиз|Жер Ортолук деңизинин]] бир бөлүгү. Апеннин жарым аралы менен [[Сицилия]], [[Сардиния]] жана [[Корсика]] аралынын аралыгында. Алар менен Корсика, Бонифачо, Сардиния менен Мессина кысыктары аркылуу туташат. Аянты 214 миң км<sup>2</sup>. Эң терең жери 3830 м. Түштүк-чыгышында [[Липари аралдары]] жайгашкан. Деңиздин аймагы аркылуу өткөн тектоникалык жарака суу астындагы тоо кыркаларын жана аракеттеги жанартоолорду ([[Везувий]], [[Стромболи]], [[Вулькано]] ж. б.) пайда кылган. Суунун температурасы жайында 22–24,5°С, кышында 13–14°С. Туздуулугу 37,25–38,25%о. Суткасына 2 жолу ташкындайт (0,5 жге чейин). Балык (сардина, тунец, угорь, кылыч балык) кармалат. Башкы порттору: [[Неаполь (Италия)|Неаполь]], [[Палермо]], [[Кальяри]] (Италия), [[Бастия]] (Франция).
[[Категория:География]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
 
[[Категория:ГеографияДеңиздер‎]]