Колесников Евгений Григорьевич: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with ''''КОЛЕСНИКОВ''' '''ЕВГЕНИЙ''' '''ГРИГОРЬЕВИЧ''' Акын, жазуучу Колесников Евгений Григорьевич РСФСРды...'
(Айырма жок)

16 март 2010, саат 09:29 учурдагы нуска

КОЛЕСНИКОВ ЕВГЕНИЙ ГРИГОРЬЕВИЧ

Акын, жазуучу Колесников Евгений Григорьевич РСФСРдын Алтай крайында Веселоярское кыштагында 1933-жылы 7-январда туулган. 1961-жылы КМУнун филология факультетинин орус тили бөлүмүн бүтүргөн. 1953-жылы Уралдын курулуштарында, 1961-жылдан Кичи-Кемин орто мектебинде орус тили жана адабияты сабагынан мугалим, 1963-жылдан «Комсомолец Киргизии» гезитинде адабий кызматкер, «Кыргызстан» басмасында редактор, 1971-жылы «Литературный Киргизстан» журналы-нын проза бөлүмүнүн башчысы, 1986-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунда адабий кеңешчи болуп иштеген. 1956-жылдан чыгармалары жарыялана баштаган. 1965-жылы биринчи поэтикалык жыйнагы «Моя звезда» деген ат менен басылып чыккан. К.Баялиновдун, С.Сасыкбаевдин чыгармаларын орус тилине которуп өзүнчө китеп кылып басып чыгарган. Чыгармалары кыргыз тилинде, «Ива» повести Краковдо поляк тилинде жарык көргөн. «Лунный всадник» аттуу китеби («Современник» басмасы, 1971-ж.) 1977-жылы республикалык Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон. 1973-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. ВЛКСМ БКнын жана Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган. 1992-жылдан Россияда жашап, чыгармачылыгын улантууда жана кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын Россиянын басмаларында басып чыгарууга жардам берип келүүдө. 1997-жылдан Россиянын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Таажы: Повесттер, аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1983.–159 б.

Орус тилинде

Моя звезда: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1965. – 63 с.

Глаза в глаза: Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1959. – 52 с.

Я пришел с миром: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 128 с.

Чайки: Рассказы и повесть. – Ф.: Мектеп, 1975. – 116 с.

Лунный всадник: Повесть. – М.: Современник, 1975. – 720 с.

Памятник солнцу: Стихи кыргызских поэтов. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 176 с.

Белый свет: Стихи, сонеты, поэмы, переводы. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 118 с.

Синица пила воду: Повесть. – М.: Мол. гвардия, 1980.–224 с.

Повести. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 360 c.

Луна – цыганское солнце: Повесть. – М.: Дет. лит., 1982. – 96 с.

Исток: Стихи и поэмы. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 152 с.

Исповедь. Роман. – Ф.: Адабият, 1989. – 267 с.

Мать и мачеха: Роман. – Ф.: Литературный Кыргызстан, 1991. № 2, 3.

Автопортрет. - М., 1995.

Дикое поле: Сборник стихов. – М., 2005.

Башка элдердин тилдеринде

Ива: Повесть. – Краков: Литературное изд-во, 1978. – 135 с. – пол.

КОТОРМОЛОРУ

Баялинов К. Лиса и сурчиха. – Ф.: Мектеп, 1974. – 22 с.

Сасыкбаев С. Люди труда: Роман, документальные повести. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 424 с.