Домен аталыштар системасы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Домен аталыштар системасы''' (Domain Name System) – [[интернет]] тармагындагы компьютерлердин өтө сейрек учуроочу аталыштар тобу. Домен аталыштары чекит менен бөлүнгөн доменден турат, мисалы, www.уander.ru. аталыштагы домен саны чектелген эмес. Домендер өсүү тартиби боюнча солдон оңго жайгашат. [[Жогорку деңгээлдин домени|Жогорку деңгээлдин домендеринин]] мааниси интернетте стандартташтырылган, алар: соm – коммерциялык уюмдар; edu – окуу жайлар; net – тармак ресурстары; org – уюмдар; ru – Россия жана башка. Компьютердин домен аталышы – бул «логикалык адрес», ал тармактын физикалык уюму менен эч байланышпайт. Ушунусу менен IP-адрестен айырмаланып турат. Ар бир оруну 4 бөлүктөн турган сандык интернет протоколу (ИП) интернеттин адреси. ИПтин биринчи бөлүгү географиялык ордун, экинчиси мекемени, үчүнчүсү компьютердик топту, акыркысы компьютердин аталышын билгизет. Домен аталыштар системасы колдонуучунун интернеттин бардык ресурстарына жөнөкөй жана тунук кайрылуусун уюштурат. Система каалаган ресурсту жеңил эстеп калгандай домен аталышын түзүүгө багытталган. Домендин тексттик аты аймактык ат болуп, өз аты жана машина аты сыяктуу бөлүктөн турат. Аймактар мекемелик (com, edu, gov, mil, net, org) жана географиялык (au, by, ca, ru, kg) болуп бөлүнөт. Домен аталыштарын атайын мекемелер каттайт. Ал үчүн мурдатан аракеттенген домен администраторуна кайрылуу керек. Домен атын каттоо өз алдынча сервер көрсөтмөлөрүн окуп-үйрөнгөн соң аткарылат.
==Колдонулган адабияттар==
“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1