Тасмания: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
links + Тасмания
мNo edit summary
1-сап:
[[Файл:Tasmania in Australia.svg|thumb|Тасмания.]]
'''Тасмания''' – [[Австралия|Австралиянын]] түштүк-чыгыш жээгиндеги [[арал]]. Материктен Басс кысыгы менен бөлүнүп турат. Жанаша жаткан аралдар менен бирге Австралия штатын түзөт. Аянты 68 миң км<sup>2</sup>. Калкы 512,0 миң (2011). Көбү – англис-австралиялыктар. Административдик борбору – Хобарт шаары Арал структурасы боюнча Австралиядагы Чоң Суу Бөлгүч кырка тоосунун уландысы. Рельефинде бири-биринен ажыраган платолор жана жалпак тоолор басымдуу; (бийиктиги 1617 мге чейин; Осса чокусу). Кен байлыктары: полиметалл жана темир кен таштары, калай, жез, алтын ж. б. Жээги булуң-буйткалуу (Маккуори, Сторм, Грейт-Ойстер ж. б.). Климаты түндүгүндө субтропиктик, түштүгүндө мелүүн нымдуу. Жылдык жаан-чачыны 600–1000 мм. Ири дарыялары – Теймар-Макуори, Деруэнт. Аралдын аянтынын 44%ин нымдуу токой, 21%ин улуттук парктар ээлейт. Түштүк-батышын түнт [[эвкалипт]] жана ийне жалбырактуу токой, жыгач сымал папоротник, альп өсүмдүктөрү, борбордук жана түштүк- чыгышын нымдуу склерофиль эвкалипт токою, шалбаа жана мамык чөптүү саз ээлейт. Жаныбарларынын көбү – эндемиктер. Аралды 1642-жылы голланд. деңиз саякатчысы А. Тасман ачкан. 1856-жылдан, Британия ээлиги деп жарыялангандан бери, ушул аталышында. 1901-жылдын 1-январынан Австралиянын Тасмания штаты.
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
 
[[Категория:ГеографияАралдар‎]]
[[Категория:Австралия]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Тасмания" булагынан алынды