Кесме: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Кесме''' – жука жайылган камырдан ичке кесилип, шорпого салына турган азык жана андан бышырылган ысык тамак. Буудай унуна туз, кээде жумуртка кошулуп, катуу жуурулган камырды жакшылап ийлеп, ийи жеткенде саамга тыныктырып коёт. Андан кийин чактап үзүп алып, аш тактанын бетине үбөлүк жана тегиз жукартып жаят. Жайылган камыр жабышпасын үчүн ун сээп, үбөлүккө ороп, кат-кат бүктөйт да, ичке кесет. Кесмени силкип, супаранын бетине жайып, тоборсугандан кийин унун күбүп, кайнап жаткан сорпого салат. Ошондой эле кой (уй) этин бөртүп туурап, майга кууруп, коруш-татымалдарды кошуп, үстүнө керегинче суу куюп, кайнаган шорпого Кесме салынып жасалган суюк тамак да Кесме деп аталат. Сүткө бышырылса сүт Кесме, нак шорпого бышканы шортек Кесме, кымыз, сүт, айран же сүзмө кошулганы катыкталган Кесме, куурулганы куурма Кесме делет. Учурда технологиялык жол жана чыгарылган Кесменин түрү көбөйүүдө.
 
[[Категория:Дан азыктары]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
 
[[Категория:Дан азыктары]]
[[Категория:Кыргыз ашканасы]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кесме" булагынан алынды