Табарсык: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
 
1-сап:
[[Файл:Illu bladder.jpg|thumbnail|Эркек адамдын табарсыгы]]
'''Табарсык''' — бөйрөктөн келген [[Заара(сийдик)Сийдик|заараны]] топтоп чыгаруучу булчуңдуу көңдөй орган. Ал чаткаяк сөөктөрүнүн биригишкен жеринин артында, кичине жамбаш көңдөйүнөн орун алган. 50 жаштан кийин чаткаяк булчуңдары бошогон соң, андан да төмөндөйт. Табарсыктын сыйымдуулугу орто эсеп менен 500—700 мл. Табарсык бош учурунда кичине жамбаш көңдөйүндө болуп, алды жагынан чаткаяк сөөктөрүнүн биригишкен жерине, ал эми арт жагынан аялдарда жатынга, эркектерде урук ыйлаакчасы менен көтөн чучукка тийип турат. Табарсыктын ички бети былжырлуу чел, сырты жылмакай чел кабыкча менен капталган. Бул эки кабыкчанын ортосунда табарсыктын булчуң катмары бар. Ал өз кезегинде үч катмардан турат. Анын сырткы жана ички катмары узатасынан кеткен булчуң талчаларынан турса, ортосундагы булчуң тарамдары кыйгачынан жатат.
 
Ар кандай багытта жайгашкан булчуңдар жыйрылганда анын көлөмү кичирейип, заара сыртка чыгууга мүмкүндүк түзүлөт. Табарсыктын булчуң катмары жакшы өөрчүп, ал заара чыгаруучу түтүктүн ички тешикчесин курчап кысып турат да, зааранын топтолуусуна, ошондой эле мезгили менен сыртка чыгарып турууга көмөктөшөт. Табарсыктын былжыр чели инфекцияны өтө сезгич келет. Аялдардын заара чыгаруучу түтүгү кыска болгондуктан, жыныс органдарынын сезгенүү оорусунда инфекция табарсыкка түшүп, аны сезгентет.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Табарсык" булагынан алынды