Максым: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
No edit summary |
||
1-сап:
'''Максым'''
'''Керектелүүчү азыктар''': Суу – 4-6литр, талкан – 200-300грамм, көрөңгө - 200-250грамм, тоң май – 1 аш [[кашык]], ун – бир аш кашык, татымына жараша [[туз]]. '''Максым ачытуунун 1-жолу''': Тоң май кошулуп кайнап жаткан сууга үзгүлтүксүз чубуртуп бөлтөк болбогондой кылып талканды саласыз. 25-30 мүнөт жай отто бир калыпта кайнатып, андан соң [[от]]ту өчүрүп, табы кайткыча коюп коесуз. Жылуурак кезинде көрөңгө куюп, унду чаласыз. Максым бөлмө температурасында 8-10 саатта ачып калат. Мезгил-мезгили менен чалып турсаңыз да болот. Ачыганга чейин максымга ак (сүт, айран, сүзмө) кошуп койсо, көбүрүп жакшы ачыйт. Максымдын түбүндө калган коюусун кийинкиге калтырып туруу керек. Ал көрөңгө болот '''Максым ачытуунун 2-жолу''':
Тоң майды эритип, ысыган мезгилде ага талканды кууруп, чуурута муздак сууну куюп 20-25 мүнөт кайнатасыз. Калган иш-аракеттин жүрүшү жогоруда айтылгандай эле уланат. Куурулган талкандан максым даамдуу, ичкиликтүү келээрин эсиңизге сала кетейин.
Максым даамдуу болсун десеңиз, алгач унду [[тоң май]]га кызарта кууруп алууну унутпаңыз.
|