Интернет: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
8-сап:
Алгач пайда болгондо коммуникациялык технологиялардын ичинен радио 38 жылдын, телевидение 13 жылдын ичинде дүйнө боюнча 50 миллион угарман жана көрөрман топтосо, интернет пайда болгондон кийин 5 жылдын ичинде гана 50 миллион колдонуучусун топтой алган. Натыйжада интернет дүйнөдөгү эң бат жайылган жана эң оперативдүү маалымат булагына айланган.
==Иштөөсү==
Интернетке туташуу зымдуу жана зымсыз (спутник) болуп бөлүнөт. Дүйнөлүк интернет тармагынын каркасы – кубаттуулугу күчтүү хост-компьютерлерден турат. Алар күнү-түнү тынымсыз маалымат алмашууну камсыздайт. Хост-компьютерлер телефон, оптикалык була, кабель жана зымсыз (спутник) каналдар менен өз ара байланышта болот. Компьютерде, ноутбукта, лаптопто, планшетте жана уюлдук телефондо атайын браузерлер бар. Каалаган браузерге кирип, издеп жаткан маалыматтын дареги жазылат. Жазылган шилтеме провайдерге</ref> (интернет кызматын көрсөтүүчү)<ref> барат. Ал эми провайдер суралган маалыматтын дарегин серверге жөнөтөт. Сервер сакталган файлдардан изделген маалыматты алып, кайрадан провайдерге жөнөтөт. Провайдер браузерге жиберет. Ошентип браузер биз издеген маалыматты текст, видео жана фото түрүндө берет. Демек, бир же бир нече маалыматтардын компьютерде сакталып, провайдер жана браузер аркылуу берилиши интернет.
==Браузерлер==
Кардарларга керектүү маалыматты форматына карабай берүү үчүн атайын браузерлер (интернет барактарын иликтөөчү программа) иштелип чыккан. Эң популярдуу браузерлер [[Google Chrome]], [[Internet Explorer]], [[Mozilla Firefox]], [[Safari]] жана [[Opera]].
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Интернет" булагынан алынды