Борис Ельцин: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
42-сап:
}}
 
'''Ельцин Борис Николаевич Ельцин''' [1. 2. 1931, Урал (азыркы Свердлов) облусу, Талица району, Бутка кыштагы 23. 4. 2007, Москва] - россиялык партиялык жана мамлекеттик ишмер; [[Россия|РФнын]] алгачкы президенти [10. 7. 1991 (25. 12. 1991-жылга чейин РСФСРдин) 31. 12. 1999]. Урал политехника институтун бүтүргөн. 1968-76-жылдарда КПССтин Свердлов обкомунун курулуш бөлүмүнүн башчысы, секретары, 1976-жылдан 1-секретары, 1985-87-жылдарда Москва шааркомунун 1-секретары. М. С. Горбачёв жүргүзгөн реформаларга (к. Кайра куруу) каршы болгондугуна байланыштуу 1987-жылы ишинен алынып, [[СССР|СССРдин]] Мамлекеттик курулуш министрлигинин төрагасынын орун басарлыгына дайындалган. 1989-жылы СССР, 1990-жылы РСФСР эл депутаты. 1990-жылы КПССтин 28-съездинде Компартиянын мүчөлүгүнөн баш тарткан. 1990-91-жылдарда РСФСР Жогорку Советинин төрагасы, 1991-99-жылдарда РСФСРдин Президенти болуп иштеген. 1991-жылы августта Өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комитеттин (ГКЧП) ишмердүүлүгүнө каршы чыккан демократиялык күчтөрдү жетектеген (к. Август кризиси, 1991). Ельциндин демилгеси менен РФтин демократиялык жаңы конституциясы кабыл алынып (12. 12. 1993), Мамлекеттик Дума шайланган. 1994-96-жылдарда Россия менен анын курамындагы Чечен Республикасынын ортосундагы согушка байланыштуу сынга алынган. Экономикалык реформаларды жүргүзүүдө кемчиликтерди кетирген. Ельциндин бааларды либералдаштыруу боюнча указы (2. 1. 1992) өлкөдөгү инфляцияны эң жогорку деңгээлге жеткирген (гиперинфляция). Экономиканы көтөрүү үчүн Россия башка мамлекеттерден чоң кредиттерди алып, 1998-жылы Россиянын тышкы карызы 170 млрд долларды түзгөн. Ельцин 1991-жылы декабрда Украина жана Беларусиянын жетекчилери менен бирдикте СССРди таркатып, КМШны түзүү жөнүндөгү Беловежа макулдашуусунун демилгечиси. АКШ президенти Ж. Буш менен СНВ-1 (стратегиялык-чабуул коюучу куралданууну чектөө; 1991), СНВ-2 (1992), достук, кызматташуу жана бири бирине жардам көрсөтүү жөнүндө (1992), о. эле Ташкентте КМШнын 6 мамлекети менен коллективдүү коопсуздук жөнүндө (1992), ЕС м-н кызматташуу жөнүндө (1994) келишимдерди түзгөн. 1999-жылы НАТОнун Югославиядагы агрессиясына каршы чыккан. 1996-жылы Россия АСЕАНдын толук укуктуу шериктеши болуп, 1997-жылы «Өнүккөн 7 мамлекет» уюмуна кирген. 1999-жылы ыктыярдуу түрдө президенттик кызматын В. В. Путинге өткөрүп берген. Ленин, 1-даражадагы «Ата Мекен алдында сиңирген эмгеги үчүн» жана башка ордендер менен сыйланган. Кыргыз-Славян университетине ысмы ыйгарылып, Ысык-Көлдүн жээгине эстелиги тургузулган.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5