Климент Ворошилов: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
'''Ворошилов Климент Ефремович Ворошилов''' [23 (4) 1 (2).1881, Россия империясы, Екатеринослав губерниясы, Бахмут уезди, Верхний кыштагы (азыркы Украина, Луганск облусу Лисичанск шаары – 2. 12. 1969, СССР Москва шаары)] – советтик-мамлекеттик жана аскер ишмери. Советтер Союзунун Маршалы (1935), эки жолку Советтер Союзунун Баатыры (1956, 1968), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1960). 1918-жылдан Советтер Армиянын катарында. Граждандык согуш жылдары бир катар командалык жогорку кызматтарды аткарган. 1-Атчандар армиясын уюштургандардын бири жана анын Аскердик революциячыл кеңешинин мүчөсү.1924-25-жылдары Москва аскер округунун командачысы жана СССР аскер революциячыл кеңешинин мүчөсү. 1925-34-жылдары Аскер жана Деңиз иштери боюнча эл комиссары жана СССР аскер революциячыл кеңешинин төрагасы. 1934-40-ж. СССР коргоо эл комиссары, 1940-жылдан СССР Эл Комиссарлар советинин төрагасынын орун басары жана анын алдындагы коргоо комитетинин төрагасы. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары Мамлекеттик коргоо комитетинин мүчөсү, Түндүк -Батыш багытындагы аскерлерге башкы командачы, Ленинград фронтунун аскерлеринин командачысы, партизан кыймылынын башкы командачысы. 1946-жылдан СССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары. 1953-60-жылдары СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы. Моңгол Эл Республикасынын Баатыры. 8 Ленин, 6 Кызыл Туу, 1-даражадагы Суворов ордендери, Өзбек, Тажик ССРлеринин, ЗСФСРдин Кызыл Туу ордендери, чет өлкөлүк ордендер жана медалдар менен сыйланган. Сөөгү Москвада Кызыл Аянтка коюлган. Бишкекте Ворошилов атындагы көчө бар.
[[Категория:Инсандар]]
==Колдонулган адабияттар==