Түндүк Муз океаны: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Arctic Ocean.png|thumb|Түндүк Муз океан.]]
'''Түндүк Муз океанокеаны''', Түндүк Уюл деңизи, Түндүк Муз деңизи - Жер шарындагы эн кичине океан. Кээ бир чет элдик океанографтар [[Атлантика океаны|Атлантика океанынын]] деңизи деп эсептешет.
 
[[Евразия]] менен Түндүк Американын аралыгында жайгашкан. Аянты 14,75 млн км2. Орт. тереңдиги 1225 м, көлөмү 18,07 млн км3. Эң терең жери 5527 м (Гренландия деңизинде). Жээктери Евразиянын батышында бийик, фьорддуу, чыгышында дельта жана лагуналуу, Канадалык Арктика архипелагында негизинен жапыз, тегиз. Евразиянын жээктерин [[Норвег деңизи|Норвег]], [[Баренц деңизи|Баренц]], Ак, [[Карск деңизи|Kapa (Карск)]], [[Лаптевдер деңизи|Лаптевдер]], Чыгыш Сибирь жана [[Чукча деңизи|Чукча]] дениздери; Түндүк Американын жээктерин Гренландия, Бофорт, Баффин деңиздери, Гудзон булуңу, [[Канада-арктика архипелагы|Канадалык Арктика архипелагы]] менен кысыктары чулгап жатат. Жээк сызыгынын жалпы уз. 45 389 км. Түндүк Муз океан аралдарынын саны боюнча Тынч океандан кийинки 2-орунда. Аралдарынын жалпы аянты 4 млн км2. йри аралдары: Канадалык Арктика архипелагы, Гренландия, Шпицберген, Франд Иосиф Жери, Жаңы Жер, Түндүк Жер, Жаңы Сибирь, Врангель ж. б. Таманынын рельефи.