Дрезден: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м ImeNtrav moved page Дрезден шаары to Дрезден
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Dresden Montage (2016).png|thumb|Дрезден.]]
'''Дрезден шаары''' – [[Германия|Германиядагы]] шаар. Эльба дарыясынын боюнда. Саксония жеринин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 474 миң (1996). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу (негизинен электр-техника, радиоэлектроника), кино жана фотооптика, химия-фармацевтика препараттары, полиграфия, трикотаж, бут кийим, эмерек, тигүү, тамак-аш – татымал өнөр жай ишканалары иштейт. Ядролук изилдөө борбору. Техникалык университет, [[консерватория]], [[Музей|музейлер]], Дрезден сүрөт галереясы бар. Туризм өнүккөн.
 
Алгач 1216-жылдан эскерилет. 1485-жылдан Саксония герцогдорунун резиденциясы. 1806–1918-ж. Саксония королдугунун борбору. 15–18-кылымдын архитектура эстеликтери: сепил-сарай (15-кылым), барокко стилиндеги–Цвингер (1711–22) жана Пильниц (1720–24), сарай ансамблдери, Хофкирхе чиркөөсү (1738–56). Саксония зер буюмдар коллекциясы, фарфор жана айнек буюмдарын чыгаруучу эски ишкана сакталган.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Дрезден" булагынан алынды