Угедей: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м ImeNtrav moved page Өгөдөй хан to Угедей
No edit summary
1-сап:
'''Угедей''', '''Өгөдөй''', '''Үгөдөй''', '''Угэдэй''' (1186–1241) – моңголдордун экинчи улуу ханы (1229–41); [[Чыңгыз хан]]дын үчүнчү уулу жана мурасчысы. [[Орто Азия]]да Чагатай менен бирге [[Отрар]]ды басып алган. 1224-жылы жер бөлүштүрүүдө атасынан Батыш Моңголияны, Чыгыш Түркстанды жана 28 миң атчан аскер алган. Атасы өлөр алдында аны өз ордуна дайындаган. 1235-жылы Үгөдөй уюштурган курултайда Волга боюна, Дешти Кыпчак, Россия жана [[Түштүк Европа]]га жүрүш жасоо жөнүндө чечим кабыл алынган.
 
Ошол эле жылы [[Тулуй]] жана [[Жебе]] менен бирге Түштүк Сун мамлекетин кыйроого учураткан. Анын бийлигинин убагында кат-кабар ташуу кызматы (ян) киргизилген, эл каттоо жүргүзүлгөн жана Каракорум шаарынын курулушу аяктаган. 1236-жылы Үгөдөй жерди [[үлүш]]кө берүү системасын бекиткен. Кийинки реформаларында моңгол аскер башчыларынын ашкере укуктары чектелген жана салык жөнгө салган. Үгөдөйдүн ордосу [[Тарбагатай]]да, Эмил жана [[Кабук дарыя]]ларынын жээктеринде жайгашкан.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Угедей" булагынан алынды