Фернан Магеллан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Ferdinand Magellan.jpg|thumb|Фернан Магальяйнш.]]
[[Файл:Magellan Elcano Circumnavigation-ru.svg|thumb]]
'''Фернан Магеллан''', '''Магальяйнш Фернан''' [(португалча Magalhnвres, испанча Magallanes), болжолдуу 1480-жыл чен Cаброза, Траз-уж-Монтиш областы, [[Португалия]] – 27. 4. 1521, [[Филиппин]], Мантан аралы] – португалиялык деңиз саякатчы. Анын экспедициясы Жер шарын биринчилерден болуп айланып чыккан. Малакка жарым аралына 2 жолу (1509, 1511) жеткен. Испаниялык экспедицияны (1519–21) жетектеген. Экспедициянын жүрүшүндө ал алгачкылардан болуп [[Түштүк Америка|Түштүк Американы]] Оттуу Жер архипелагы менен материктин ортосундагы кысык аркылуу ([[Магеллан кысыгы]]) айланып, [[Тынч океан|Тынч океанды]] кесип өтүп, Филиппин аралына жеткен. Ал жерде жергиликтүү калк менен кагылышууда курман болгон. 1522-жылы Магелландын экспедициясынан калган бир кеме (Х. С. Элькано башкарган «Виктория» кемеси) [[Африка|Африканын]] түштүгүн айланып өтүп, [[Испания|Испанияга]] кайткан. Бул саякатта Жердин шар формасында экендиги жана бирдиктүү [[Дүйнөлүк океан|Дүйнөлүк океандын]] бар экендиги биротоло далилденген.
 
==Колдонулган адабияттар==