Томас Мюнцер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
 
1-сап:
[[Файл:Thomas Muentzer.jpg|thumb|upright|Томас Мюнцер.]]
'''Мюнцер, Томас Мюнцер''' (1490, Штольберг, Рарц – 27. 6. 1525, [[Тюрингия]], Мюльхаузенге жакын) – немис революционери, [[Реформация|Реформациядагы]] элдик агымдын идеологу, Германиядагы дыйкандар согушунун (1524–26) көрүнүктүү жол башчысы. Ал Реформацияны феодалдарга, бардык төрөлөргө каршы көтөрүлүштүн башы деп түшүндүрүп, бийлик элге өткөндө гана эзүүсүз жана жеке менчиксиз коом өкүм сүрө турганын көрсөткөн. 1525-жылы Тюрингиянын Мюльхаузен шаарындагы ревячыл бийликти башкарып, Тюрингия-Саксонияда дыйкандар согушунун бирдиктүү борборун түзүүгө аракеттенген. Бирок М-дин отряды 1525-жылы 15-майда Франкенхаузен шаарынын жанындагы салгылашта князь аскерлеринен жеңилген; Мюнцер туткунга түшүп, өлтүрүлгөн. Мюнцердин диний философиялык окуусу католицизмге гана эмес, жалпы эле христиан дининин бардык негизги догматтарына каршы багытталган. Мюнцер социалдык-саясий программасында келечектеги түзүлүш бардык эзүүчүлөргө каршы эл массасынын революциячыл күрөшүнүн натыйжасында орнойт деп ырастаган. Бирок анын бул түшүнүгү турмуш чындыгынан алыс турган.
 
==Колдонулган адабияттар==