Түлкүлөр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Redirected page to Түлкү
Белги: Жаңы багыттама
Кайра 325702 жокко ImeNtrav (сюзюу)
Белгилер: Removed redirect Жокко чыгаруу
1-сап:
[[Файл:Arctic Fox Glowing in the Sun (15844331792).jpg|thumb|[[Калтар түлкү]] (''Alopex lagopus'').]]
#REDIRECT [[Түлкү]]
'''Түлкүлөр''' (''Vulpes'') - иттер тукумундагы жырткыч [[сүт эмүүчүлөр]] уруусу. Денеси созулуңку, буттары салыштырмалуу кыска.
 
Куйругу узун, үлпүлдөк жүндүү. Түсү кызгылт сарыдан күмүш бозго чейин, кээде дээрлик кара; мезгилдик жана геогр. диморфизм даана байкалат. Тиши жырткычтардыкындай, азуусу курч, арсагай. Түлкүлөрдүн 6-11 түрү Арктикадан башка [[Евразия]], [[Африка]], [[Түндүк]] Америкада кезигет, Австралияга алынып келинген. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү: кадимки [[түлкү]], карсак жана африка түлкүсү жашайт. Токойлуу тундрадан чөлгө чейин мекендейт. Ийинде жашайт. Көбүнчө майда сүт эмүүчүлөр жана куштар менен азыктанат. Жазында 51 сутка көтөрүп, 4-6, чанда 12 бачики тууйт. Кадимки түлкү уруунун чоңу, дене уз. 90 смге, куйругу 60 смте жетет. Күүгүмдө активдүү. Түлкүлөр - аңчылык жана аң чарбачылыгынын баалуу обьектиси. Айрыкча калтар (кара) түлкүнүн териси баалуу. Аң жана куш чарбасына зыян келтирет, кемирүүчүлөрдү жеп пайдалуу. Бир түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине киргизилген.
 
== Колдонулган адабияттар ==
* «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
 
[[Категория:Сүт эмүүчүлөр‎]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Түлкүлөр" булагынан алынды