Лучано Паваротти: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
No edit summary
6-сап:
 
== Өмүр таржымалы ==
Паваротти Лучано (12. 10. 1935, Модена – 6. 9. 2007, ошол эле жер) – италиялык опера ырчысы (лирикалык тенор). Л. Павароттиге Б. Жильи, Ж. Мартинелли, Т. Скипа жана Э. Карузонун чыгармачылыгы түрткү болгон. 9 жашынан атасы менен бирге жергиликтүү чакан чиркөө хорунда ырдаган. 1954-ж. Моденада тенор Арриго Поладан окуган. 1961-ж. вокалисттердин эл аралык конкурсунда жеңүүчү болгон. Р. Эмилия театрында Ж. Пуччининин «Богема» операсында, 1963-ж. Вена операсында жана Лондон «Ковент-Гарден» опера театрында Рудольфтун партиясын ырдаган. Кийин «Ковент-Гарденде» Эльвинонун (В. Беллини, «Сомнамбула»), Альфреддин, герцог Мантуанскийдин (Ж. Верди, «Травиата», «Риголетто») партияларын аткарган. 1966-ж. Г. Доницеттинин «Полктун кызы» операсындагы Тонионун партиясы менен таанылган. 1971-жылдан «Арена ди Верона» фестивалына үзгүлтүксүз катышкан. «Ла Скалао театры менен Москвада гастролдо (1974) болгон. 1980-жылдардын башында Паваротти жаш аткаруучулардын эл аралык конкурсун уюштурган. 1988-ж. Берлиндеги «Дойче опера» театрында Г. Доницеттинин «Сүйүү суусундугу» операсында аткарган партиясы үчүн угуучулардын өтүнүчү боюнча сахнага 165 жолу чыгып, Гиннесс китебине катталган. 1990-ж. Ж. Пуччининин «Турандот» операсындагы «Nessun dorma» ариясы ага дүйнөлүк атак алып келген. «Метрополитен-опера» театрында өткөн жеке концертинде миңдеген күйөрмандарынын суроосу менен сахнага 150дөн ашык жолу чыккан. «Грэмми» сыйлыгынын лауреаты (1998). «Италия республикасынын алдында синирген эмгектери үчүн» орденинин үч даражасы менен, Ардактуу легион ордени (Франция) менен сыйланган.
 
== Сыйлыктары ==
 
== Шилтемелер ==
 
== Колдонулган адабияттар ==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
 
[[Категория:Италия ырчылары]]
[[Категория:20-кылымдын ырчылары]]