Ыйык Рим империясы: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м ImeNtrav moved page «Ыйык Рим империясы» to Ыйык Рим империясы |
No edit summary |
||
1-сап:
'''
Империяны 962-ж. герман королу Оттон I Чыгыш-Франк королдугунун негизинде түзгөн жана Улуу Карлдын Франк империясы менен антикалык Рим империясынын түздөн-түз уландысы катары караган. Курамына [[Германия]], Чехия, Италия жана Бургундия аймактары кирген империя Генрих Шнүн тушунда (1050) гүлдөп өнүккөн. 1034-ж. «Рим империясы», 1157-ж. «Ыйык империя», 1254-ж. «Ыйык Рим империясы», 15-кылымдан «Герман улутунун Ыйык Рим империясы» деп аталган. Герман королдору эл аралык аренада мамлекеттин позициясын күчөтүү, эгемендүүлүгүн чыңдоо саясатын жүргүзгөн. Бирок империянын императорлорунун 11-13-кылымда Рим папаларына каршы күрөшү Италиядан айрылышына (13-кылымдын 2-жарымы), император бийлигинин бошоңдошуна жана айрым герман княздыктарынын күчөшүнө алып келген. Отуз жылдык согуштан (1618-48) кийин император бийлиги алдан тайып, формалДУУ түрдө 1806-ж. чейин уланган. Наполеон аскерлери басып кирердин алдында анын акыркы императору Франц II тактан баш тарткан.
|