Бурканчылык: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
70-сап:
 
Бул деген кыргыздардын айрым бир уруулары 19-кылымдын аяк черинде да Ылам (ламаизм) бурканчылыгын тутунгандыгы тууралуу кабар берет.
 
==Кыргызстан улуттук энциклопедиясы==
'''Буддизм''' – дүйнөдөгү үч чоң диндин бири. Байыркы Индияда биздин заманга чейинки 6-5-кылымдарда чыккан. Уламыш боюнча, ага Будда негиз салган. Адегенде брахманизмдин бир тармагы катары пайда болуп, анын айрым түшүнүктөрүн (жандын көчүп жүрүшү, тозок, бейиш) мурастап алган; бирок брахмандардын касталарды актаганына каршы турган. Алгачкы буддизм «хинаяна» («кичине араба» же «тар жол») деп аталып, «азап тартуу» жана «жан куткаруу» жагынан адамдар тең укуктуу деп эсептелген. Биздин заманга чейинки 3-кылымда Индияны сурап турган Ашок падыша буддизмди мамлекеттик дин деп жарыялаган. 1-кылымда Индиянын Түндүк-батыш тарабында буддизмдин «махаяна» («чоң араба» же «улуу жол») деген жаңы түрү пайда болот. Анын догматтарында бодпсатвалар, башкача айтканда «жан куткарууга көмөктөш теңирлер» чоң орун ээлейт. Будда философия системасынын негизинде дхармалар теориясы жатат. Бул теория боюнча, материалдык жана рухий нерселердин баары бир агымга кошулуп, айрым элементтерден турат. Элементтер туруксуз жана опаасыз келет, ошондуктан элементтерден тургандын баары («көрүнүштөр дүйнөсү») чыныгы реалдуу болмуш боло албайт. Ар бир элементтин түбөлүк, өзгөрбөс, түшүнүп болбос ээси бар, ал дхарма деп аталат. Дхармалар өтө көп, бирок алардын 75 түрү гана чыныгы реалдуу болмуш («маңыз дүйнөсү») боло алат. Дхармалардын өз ара айкалышынан жекече аң-сезим жаралат. Жандануунун азап-тозок тартышын буддизм жашоонун мааниси деп санайт. Буддизмдин эң башкы диний догматы жандын кубулуп, бир түрдөн экинчи түргө өтүп, жаңы түспөл алып турушу жөнүндөгү түшүнүккө негизделген. Бул ишеним боюнча, дхармалардын тутумдашкан белгилүү бир тобу («комбинациясы») жандуу нерсени жашатып турат; ал «комбинацияга» биригип, жан кубулат. Натыйжада падыша (раджа) кул болуп, кул падыша болуп кубула алат. Дхармалардын жаңы «комбинациясын» карма жаратат, ал эми карма болсо өткөн чакта жасалган «күнөөлөр» менен «сооптордун» кошундусу деп түшүндүрүлөт. «Сообу», «күнөөсүнөн» ашып түшсө, кубулуу эң мыкты болот. Кубулуунун түпкү чеги нирвана (өчүү, сиңүү маанисинде). Буга жеткенде, жандын кубулушу токтолот, жандуу нерсе азап-тозоктон биротоло арылат. Адам кечилдик (монахтык) жол менен кетсе гана «нирванага» жетиши мүмкүн. Индияда буддизм менен брахманизмдин жанаша жашап, жакындашып отурушу акыры жаңы диндин индуизмдин пайда болушун шарттаган. 10-кылымдын башында Индияда буддизм маанисин жоготкон. Бирок буддизм Тибет, Кытай, Корея, Япония, Инди-Кытай мамлекеттерине, Моңголия, Таиланд, Индонезия, Россияга (бурят, калмак, тува элдерине) жана башка таралып кеткен. Ал жергиликтүү диний түшүнүктөр менен айкалышып, мазмунун жана формасын өзгөртүп отурган. Мисалы, Тибет менен Моңголияда буддизм ламаизм түрүнө өткөн.
 
== Колдонулган адабияттар ==
* [[Философия: энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
*
 
== Дагы кара ==