Тотемизм: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Тотемизм''' (гр.— башталыш, негиз деген мааниде) — адамзат коомунун өнүгүшүнүн алгачкы баскычындагы элдин мифологиялык түшүнүгү. Алар адамды кайсы бир өсүмдүк же жаныбар, же предмет менен байланыштуу дешип, алардын жашоо шартын ошолор менен байланыштырышкан. Ошондуктан урууларды бугу, бору, багыш ж. б. деп аташкан. Элдин тотемдик түшүнүгү, табият сырларына карата ушундай көз карашы, кыргыз фольклорунун көп жанрларында, өзгөчө макал-ылакаптарда, жомоктордо, легендаларда, эпостордо («Эр Төштүк» менен «Кожожашта») сакталып калган.
 
КНАУ. КНАУ. КНАУ. 2018
РУЛИТЬ
КНАУ. КНАУ. КНАУ. 2018
 
== "Манас" энциклопедиясында ==
Тотемизм — уруучулук коомдогу диний ишенимдердин жана каадалардын жыйындысы, диндин байыркы формасы. Анын негизги өзгөчөлүгү катары адамдардын тигил же бул уруунун, жаныбарлардын пайда болушун, тегин айрым жаныбарлар, өсүмдүктөр менен тикеден-тике байланыштуу түшүндүрүү, анын ыйыктыгына, кереметтүүлүгүнө ишенүү болуп саналат. Тотемдик түшүнүктөр уруулук коом үчүн гана мүнөздүү болгон. Ошондуктан, тотемизм байыркы убакта дүйнөдөгү көп элдерге тарап, алардын материалдык жана маданий турмушуна өз таасирин тийгизген. Бир тотемдин тукуму делинип эсептелген уруу же топ өз ич ара кыз алып, кыз беришпейт. Кээ бир элдер тотем жандыктын этин жешпейт. Тескерисинче, айрым элдерде тотем жандыктын эти касиеттүү күч-кубат берет деген ишеним бар. Мына ушундай көз караштардын түрк, моңгол, иран урууларындагы чагылдырылышына жылкы, бука, ит, бөрү, төө, бугу, буура, короз жана башкалар жаныбарлардын культу менен тыгыз байланышкан. Байыркы чыгыш түрк — Орхон-Эне-Сай жазууларында кыргыз жана башкалар түрк элдери тарабынан тотем катарында урматталган жаныбар илбирс менен карышкыр жана башкалар жаныбарлар айтылат. Бөрү байыркы көк түрктөрдүн тотеми болгонун И. Бичурин белгилейт. Ал эми бул салттуу тотемдик түшүнүк « [[Манас баатыр|Манас]] » эпосунда да колдонулат. Эпостун башкы каарманы [[Манас баатыр|Манастын]] туруктуу эпитеттеринин бири «көк жал», «көк бөрү» болуп берилет. Кошойдун «кыргыздарды кырк уруу бөрү» сыпатында мүнөздөшү, [[Манас баатыр|Манастын]] көк бөрү болуп кубулган кырк чилтенге жолугушу, анын батасын алып, дамамат колдоого ээ болуп жүрүшү өңдөнгөн мотивдер байыркы тотемдик ишенимдин эпостун жалпы мазмунуна, көркөмдүк деңгээлине, образдык системасына белгилүү таасир тийгизгенин күбөлөйт. Түрк тилдеринде сүйлөгөн элдердин эпикалык эстеликтеринин баарында, анын ичинде «Манаста» оор акыбалда калган каармандарга жана башкалар бардык эле баатырларга адамча сүйлөп, кеп-кеңешин айткан акылдуу аттын образы эң эле кенен тараган. Аттын куйрук-жалы, көкүлү, эти адамдарга күч-кубат, кайрат берчү касиетке эгедер тумар (көз тумар) катары кызмат өтөйт. Кыргыздардын түшүнүгүндө, көз карашында тотемизм туруктуу түрдө орун алып, фольклордук чыгармалардан эпос, жомок, санжыра, уламыш өңдүү жанрларында, алардын идеялык-тематикалык мазмунунда чагылган. Тотемдик ишеним, көз караштардын, образдардын өзүнчө бир катмары [[«Манас» эпосу|«Манас» эпосунда]] да жолугат. Бул өзгөчө эпикалык чыгарманын байыркылыгын, анын өсүп-өнүгүү кырдаалын аныктоого мүмкүндүк берет. Ошону менен катар тотемдик ишенимдер менен түшүнүктөр, образдык туюнтмалар Сагымбай Орозбаковдун варианты жана [[Каралаев, Саякбай|Саякбай Каралаевдин]] варианты вариантынын эпикалык жалпы мазмундуулугун, көркөмдүк даражасынын байышына да активдүү таасир тийгизет. Кыргыздардын тотемдик түшүнүгүндө кайберен эчки-теке, элик, аркар-кулжа, бугулардын пири, колдоочусу болуп саналат. Бул түшүнүктү манасчылардын эпостун лексикасында кеңири пайдаланышы, эпикалык каармандардын ууга чыгуу окуяларында кайталанышы анын фольклордук чыгарманын өзөгүндө тотемизмдин белгилүү түрдө орун алгандыгын аныктайт. Кайып же кайберендин кереметтүүлүгүн көрсөтүү мотиви ага садага чабуу, курмандык жасоо ырым-жырымдары менен кошо коштолот. Маселен, [[Жакып]] кандын кыргыздарды топтоп, Алтайдан Ала-Тоого көчүүгө өз ара макулдашканын баяндаган окуяда алардын «кыбылага карашып, кол көтөрүп буркурап, Адил бааша тагы үчүн, Кайып Эрен бак үчүн» бата кылып мал союу жөрөлгөсү аткарылат. Кыргыздардын кайберенге, кийиктердин пири кайыптын, колдоочулук мүмкүнчүлүгүнө ишенүүсү башкы каарман [[Манас баатыр|Манастын]] образында да колдонулат. Эпостун «Семетей» бөлүмүндө да кайыптын, кайберендин колдоочулук милдети өзүнчө бир чоң ынтаа, күчтүү пафос менен берилет. Мында адам баласы менен жаныбарлар дүйнөсүнүн ортосундагы биримдик, алака чоң философиялык жалпылоого көтөрүлүп чыгат. Маселен, [[Семетей]] менен [[Чыйырды|Чыйырдыны]] алып Букарга качып бараткан жолдо ыйык Байтерекке токтогондо тотемдик дарактын жана Бугунун колдоо көрсөткөн учуру эпосто мындайча сүрөттөлөт:
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Тотемизм" булагынан алынды