Тажиктер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Тажиктер''' – иран эли, Тажикстандын жергиликтүү калкы. Афганстан (8 000 000), Өзбекстан (1 165 713), Пакистан(1 000 000), Россия (200 303), Кыргызстан (46 105), Казахстан (36 277), Украина (4 255), Беларус (871) жана Латвияда (123) да жашашат. Жалпы саны 20 млн киши, анын ичинде Тажикстанда 6 373 800 (2010). Тажик жана дар тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – ислам-сунниттер. Тажиктердин этностук негизин согдийлер, бактрийлер жана чыгыш-иран элдери түзөт. Негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык жана кол өнөрчүлүк. Эркектердин салттуу кийими – туника сымал көйнөк, кенен ыштан, шырыма чапан; белине жоолук кур курчанат, башына саймаланган топу (каллапуш) кийип же чалма оронот. Аялдары саймаланган туника сымал түстүү көйнөк, ыштан кийип, башына төрт кырдуу, саймаланган топу же жоолук салынып, кооздуктарды (негизинен күмүш) тагынышат. Тамак-ашы – дан, эт, сүт азыктары жана жер-жемиш, жашылчалар. Суусундукка көк чай ичишет.
 
[[Категория: Дүйнө элдери]]
==Манас эпосунда==
Тажик — [[этноним|этноним.]] [["Манас" эпосу|"Манас" эпосунда]] кыргыздарга канатташ жашаган эл катары баяндалат. Эпостун негизги каармандарынын бири [[Манас баатыр|Манастын]] жары [[Каныкей]] тажик каны Атемир кызы. [["Манас" эпосу|"Манас" эпосунда]] "[[Манас баатыр|Манастын]] Каныкейди алганы", "[[Манас баатыр|Манастын]] күйөөлөп барганы" эпизоддорунда ([[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбай Орозбаков]], 3. 438) кыргыздар менен тажиктердин мамилелери кеңири сүрөттөлөт. "Семетей" эпосунда [[Семетей|Семетейдин]] балалык чагы тажик элинде өтөт. Эпосто, ошондой эле Музбурчак деген каарман да "Тажиктен чыккан [[Музбурчак|Музбурчак"]] ([[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбай Орозбаков]], Кол жазмалар фондусу, 851-инв. 382-б.), — деп айтылат. Демек, Т-тер эпостун окуяларына активдүү катышкан эл катары сүрөттөлгөн. Т-тер азыркы учурда Тажик ССРинин негизги калкы. Тажик элинин калыптануу процесси биздин заманга чейин2-миң жылдыктан башталып, биздин замандын 9—10-кылымында аяктаган.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
* [["Манас" энциклопедиясы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN 5-89750-013-4
 
[[Категория: Дүйнө элдери]]
[[Категория:Манас эпосундагы этнонимдер]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Тажиктер" булагынан алынды