Орустар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Орустар''' (өздөрүн 18-кылымга чейин роусь, 1917-жылдан кийин великорусстар деп аташкан) – чыгыш славян эли; РФтин жергиликтүү калкы. Латвия, Литва, Эстония, Украина, Беларуссия, Молдавия, Азербайжан, Грузия, Армения, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан (381 562, 2012), Тажикстан, Түркмөнстан, ошондой эле АКШ, Канада, Бразилия, Германия, Англия, Кытай, Франция ж. б. мамлекеттерде диаспоралары бар. Жалпы саны дүйнөдө 133 млн, анын ичинде 111016896 киши Россияда жашайт (2010). Динге ишенгендеринин көбү – православныйлар. Орус тилинде сүйлөшөт. Орустар чыгыш славян урууларында уруулук мамилелер ыдырап, Киев айланасында Байыркы орус мамлекети түзүлгөн мезгилде пайда болгон байыркы орус элинен (9-к.) келип чыккан. Этностук негизин чыгыш славян элдери (кривичтер, словендер, вятичтер, северяндар), ошондой эле финн-угор уруулары түзгөн. Орустар мал чарбачылык, дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишет. Салттык кийимдери түн. жана Түштүк аймактарында бири-биринен айырмаланат. Эркектери тик жакалуу ак көйнөк, кендир ыштан, сыртынан таардан тигилген жакасыз узун кемсел, бутуна жөкө чокой же өтүк кийип, белине кур курчанат. Аялдары – түн. аймактары сарафан, түштүгү юбка, көйнөк, кофта кийип, алжапкыч тагынган. Тамак-ашы негизинен ботко, щи, пельмен, суусундук катары квасты көбүрөөк колдонушат.
 
[[Категория:Дүйнө элдери]]
==Манас эпосунда==
Орус — [[«Манас» эпосу|«Манас» эпосундагы]] [[этноним|этноним.]] Эпосто Көкөтөйдүн ашында чакырылган эл катары эскерилет: «Орус да бар, немис бар, Ойроттун баары тегиз бар» ([[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбай Орозбаков,]] 3. 147). [[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбай Орозбаковдун]] вариантында гана кездешүүчү «Түндүккө чабуул» аттуу окуяда [[Манас баатыр|Манас]] орус элинин эпосторунун башкы каарманы Айламор (Илья Муромец) менен согушуп, аны жеңгени айтылат, к'' [[Айламор|Айламор.]] ''[[Радлов, Василий Васильевич|В. В. Радлов]] жазып алган вариантта да [[Манас баатыр|Манастын]] О. эли жана анын падышасы «Ак падыша» (Николай) менен сый мамилеси көрсөтүлөт.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
* [["Манас" энциклопедиясы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN 5-89750-013-4
 
[[Категория:Дүйнө элдери]]
[[Категория:Манас эпосундагы этнонимдер]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Орустар" булагынан алынды